ДАВАН МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАВАН МАМЛЕКЕТИ''' , П а р к а н а – б. з. ч. | '''ДАВАН МАМЛЕКЕТИ''' , П а р к а н а – б. з. ч. | ||
1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөө­нүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булак­тарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаар­лары 70тен ашып, борбору Эрши | 1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөө­нүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булак­тарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаар­лары 70тен ашып, борбору [[Эрши]] шаары болгон. Кал­кынын саны болжол менен 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары [[шалы]], [[буудай]], [[беде]], гозо эккен. Жемиш бакта­ры, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары менен даӊазаланган. Даван мамлекети [[Улуу Жибек жолу]] калыптан­ганга чейин [[Чыгыш Түркстан]] менен соода байла­нышын түзгөн ([[Фергана]], [[Алай]] жана Борбордук [[Теӊир-Тоо]]догу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). [[Кытай]] булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси [[Чжан Цянь]] [[усундар]] өлкөсүнөн [[Нарын дарыясы]]н бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи ар­кылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга жана алар­дын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетинин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы [[Өзгөн]]дөн 8 ''км'' түндүк тарапта, Шоро-Башат кыштагы­на жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык менен багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскерле­ри чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу менен б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гу­анли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экин­чисин Ю шаарларына жөнөткөн. Сан жагынан аз бол­гонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу кар­шылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калты­рышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык менен өл­түрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары то­лук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургунда­ры Кытай менен түзүлгөн тынчтык келишимге кар­шы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар менен ээлешкен. Бул жор­туулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, кол­го түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана им­ператоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аске­ри кайтып кетери менен Даван мамлекети Хан империясы­нын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учура­гандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шаары­на (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-жылдарда түндүк хунндардын шанүйү [[Чжичжи]] чап­кын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чы­гыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-кылымдарда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу менен [[Эфталиттер|эфталит­тер]]ге карап, 5-кылымдын аягында [[Кушан империясы|Кушан империя­сы]]нын карамагына кирип, толук бойдон жо­юлган. | ||
чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бакта­ры, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары | |||
чек арасында жайгашкан Ю | |||
жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу | |||
чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю | |||
зор кыйынчылыктар | |||
өкүм кылынган. Эрши | |||
өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5- | |||
Ад.: Ад.: Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950. | |||
''Т. Жуманалиев.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
02:03, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ДАВАН МАМЛЕКЕТИ , П а р к а н а – б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөөнүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаарлары 70тен ашып, борбору Эрши шаары болгон. Калкынын саны болжол менен 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бактары, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары менен даӊазаланган. Даван мамлекети Улуу Жибек жолу калыптанганга чейин Чыгыш Түркстан менен соода байланышын түзгөн (Фергана, Алай жана Борбордук Теӊир-Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси Чжан Цянь усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга жана алардын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетинин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы Өзгөндөн 8 км түндүк тарапта, Шоро-Башат кыштагына жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык менен багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскерлери чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу менен б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гуанли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экинчисин Ю шаарларына жөнөткөн. Сан жагынан аз болгонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу каршылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калтырышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык менен өлтүрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары толук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургундары Кытай менен түзүлгөн тынчтык келишимге каршы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар менен ээлешкен. Бул жортуулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, колго түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана императоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аскери кайтып кетери менен Даван мамлекети Хан империясынын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учурагандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шаарына (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-жылдарда түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чыгыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-кылымдарда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу менен эфталиттерге карап, 5-кылымдын аягында Кушан империясынын карамагына кирип, толук бойдон жоюлган.
Ад.: Ад.: Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950.
Т. Жуманалиев.