ИСТЕМИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСТЕМИ</b> (510 – болжол м-н 576-ж.) – Түрк ка&shy;гандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууга&shy;ны. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроника&shy;ларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да атал&shy;ган. Анын кол башчылыгы м-н түрк уруулары адегенде Борб. Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-к-дын орто ченинде түрк тилдүү уруулар м-н жерг. көчмөндөр бир согуштук-адм. системага («он ок будун» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түш.-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес,
<b type='title'>ИСТЕМИ</b> (510 – болжол менен 576-жыл) – Түрк ка&shy;гандыгынын башкаруучусу, [[каган]] (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууга&shy;ны. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроника&shy;ларында Шедеми, «он уруунун каганы», [[Батыш түрк кагандыгы]]нын династиясына тиешелүү эң жогорку титул [[жабгу]] (ябгу) каган деп да атал&shy;ган. Анын кол башчылыгы менен түрк уруулары адегенде [[Борбордук Азия]]нын [[Жети-Суу]], [[Сыр-Дарыя]], [[Арал деңизи]]не чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-кылымдын орто ченинде түрк тилдүү уруулар менен жергиликтүү көчмөндөр бир согуштук-административдик системага («[[он ок будун]]» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары [[авар]] урууларына кошулуп, [[Европа]]нын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-административдик түзүлүштүн формасы катары тү&shy;шүндүрүлгөн. Истеминин буйругу менен ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган жана өзү&shy;лөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш жана батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын ба&shy;шында чоро турган жана алар [[Суйаб]] шаарынын чы&shy;гышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу [[Нушиби|ну&shy;шиби]]» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб шаары борбор болгон. Истеми башындагы түрктөр 558-ж. Итиль ([[Волга]]) менен Жайыктын (Урал) айлана&shy;сындагы аймакты, 567–70-ж. Түндүк [[Кавказ]]ды өзүнө караткан. 6-кылымдын 2-жарымында Истеми [[Эфталиттер|эф&shy;талиттер]]ге каршы күрөшүү үчүн перс шахы Хосров Ануширван менен аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын бер&shy;ген. Алардын жардамы менен 563-ж. Истеми эфталит&shy;терге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин [[Византия]]га жибекти өт&shy;көрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров менен ке&shy;лишим түзүүгө согдалык көпөс [[Маниах]]ты элчи&shy;ликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүү&shy;дөн баш тартып, соодагерлер алып келген жи&shy;бекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжа&shy;да, Истеми Византия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке [[Земарх]] келген. Истеми анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чык&shy;кан. 570-жылы иран шахынын [[Йемен]]ди басып алы&shy;шына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү [[Жибек жолу]] да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр менен Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-жылы Картлинин падышасы Г. Баг&shy;радиттин жардамы менен [[Босфор]]ду жана [[Крым]]ды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Ви&shy;зантияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр [[Кытай]]дан Жер Ортолук деңизи тарапта&shy;гы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна ко&shy;жоюн болуп, анын ичинде Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү [[кыргыздар]]дын көзөмөлүндө калган. Евра&shy;зияда биринчи кеңири империяны түзгөн Истеми бо&shy;луп эсептелинет.
аскердик-адм. түзүлүштүн формасы катары тү&shy;шүндүрүлгөн. И-нин буйругу м-н ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган ж-а өзү&shy;лөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш ж-а батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын ба&shy;шында чоро турган ж-а алар Суйаб ш-нын чы&shy;гышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу ну&shy;шиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб ш. борбор болгон. И. башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) м-н Жайыктын (Урал) айлана&shy;сындагы аймакты, 567–70-ж. Түн. Кавказды
өзүнө караткан. 6-к-дын 2-жарымында И. эф&shy;талиттерге каршы күрөшүү үчүн Иран шахы Хосров Ануширван м-н аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын бер&shy;ген. Алардын жардамы м-н 563-ж. И. эфталит&shy;терге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өт&shy;көрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров м-н ке&shy;лишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчи&shy;ликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүү&shy;дөн баш тартып, соодагерлер алып келген жи&shy;бекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжа&shy;да, И. Византия м-н сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. И. анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чык&shy;кан. 570-ж. иран шахынын Йеменди басып алы&shy;шына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр м-н Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-ж. Картлинин падышасы Г. Баг&shy;радиттин жардамы м-н Босфорду ж-а Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Ви&shy;зантияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңиз тарапта&shy;гы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна ко&shy;жоюн болуп, а. и. Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евра&shy;зияда биринчи кеңири империяны түзгөн И. бо&shy;луп эсептелинет.
 


Ад.: <i>Бичурин Н. Я.</i> Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; <i>Гумилёв Л. Н.</i> Древние тюрки. М., 1967.  
Ад.: <i>Бичурин Н. Я.</i> Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; <i>Гумилёв Л. Н.</i> Древние тюрки. М., 1967.  
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p>
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

09:23, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИСТЕМИ (510 – болжол менен 576-жыл) – Түрк ка­гандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууга­ны. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроника­ларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да атал­ган. Анын кол башчылыгы менен түрк уруулары адегенде Борбордук Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-кылымдын орто ченинде түрк тилдүү уруулар менен жергиликтүү көчмөндөр бир согуштук-административдик системага («он ок будун» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-административдик түзүлүштүн формасы катары тү­шүндүрүлгөн. Истеминин буйругу менен ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган жана өзү­лөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш жана батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын ба­шында чоро турган жана алар Суйаб шаарынын чы­гышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу ну­шиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб шаары борбор болгон. Истеми башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) менен Жайыктын (Урал) айлана­сындагы аймакты, 567–70-ж. Түндүк Кавказды өзүнө караткан. 6-кылымдын 2-жарымында Истеми эф­талиттерге каршы күрөшүү үчүн перс шахы Хосров Ануширван менен аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын бер­ген. Алардын жардамы менен 563-ж. Истеми эфталит­терге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өт­көрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров менен ке­лишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчи­ликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүү­дөн баш тартып, соодагерлер алып келген жи­бекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжа­да, Истеми Византия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. Истеми анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чык­кан. 570-жылы иран шахынын Йеменди басып алы­шына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр менен Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-жылы Картлинин падышасы Г. Баг­радиттин жардамы менен Босфорду жана Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Ви­зантияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңизи тарапта­гы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна ко­жоюн болуп, анын ичинде Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евра­зияда биринчи кеңири империяны түзгөн Истеми бо­луп эсептелинет.

Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967.

Т. Асанов.