ИСПАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСПАНДАР</b> (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жерг. калкы. Европа өлкөлө&shy;рүндө (Германия, Франция, Швейцария, Порту&shy;галия, Италия), Латын Америкасында (Арген&shy;тина, Мексика, Бразилия), Түн. Америкада (Ка&shy;нада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, а. и. Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан ди&shy;нинин католик тармагын тутушат. И. м-н бир&shy;дикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган су&shy;бэтностук топтор (каталондор, галицийлер, баск&shy;тар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней ж. а-на көчүп келген ибер, кельт уруу&shy;лары И-дын этностук курамын түзгөн. Рим
<b type='title'>ИСПАНДАР</b> (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жергиликтүү калкы. Европа өлкөлө&shy;рүндө (Германия, Франция, Швейцария, Порту&shy;галия, Италия), Латын Америкасында (Арген&shy;тина, Мексика, Бразилия), Түндүк Америкада (Ка&shy;нада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, анын ичинде Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан ди&shy;нинин католик тармагын тутушат. Испандар м-н бир&shy;дикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган су&shy;бэтностук топтор (каталондор, галицийлер, баск&shy;тар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней жарым аралына көчүп келген ибер, кельт уруу&shy;лары испандардын этностук курамын түзгөн. Рим


[[File:ИСПАНДАР75.png | thumb | none]]
[[File:ИСПАНДАР75.png | thumb | none]]
империясынын тушунда (б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к.) Пиреней ж. а-ндагы урууларды романдаш&shy;тыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-к-да журт ко&shy;торуп келген герман уруулары да жерг. калк м-н ассимиляцияланган. О. эле 711–718-ж. Ис&shy;панияга басып кирген арабдар, берберлер да ис&shy;пан этносунун калыптанышына таасирин тий&shy;гизген. 19-к-дын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы эл&shy;деринин (бразилиялыктардан башкасы) этнос&shy;тук калыптанышына И. чоң таасир тийгизген. И-дын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чар&shy;бачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактары&shy;нын геогр. шартына карай И-дын турак үйлөрү ар түрдүү. Түш. аймактарда И. байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түн.-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түн. бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы ка&shy;баты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тири&shy;чиликке ылайыкташтырылган. Улуттук ки&shy;йимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а курт&shy;ка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бу&shy;туна булгаарыдан жасалган же эспартодон то&shy;кулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген бел&shy;демчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жер&shy;лерде сарафан, башына жоолук салынып же жа&shy;мынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даяр&shy;далып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдону&shy;лат. И. жаз карнавалы, диний ж. б. майрам&shy;дарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. И-дын элдик бийи – фла&shy;менко.  
империясынын тушунда (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 5-кылымы) Пиреней жарым аралындагы урууларды романдаш&shy;тыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-кылымдарда журт ко&shy;торуп келген герман уруулары да жергиликтүү калк м-н ассимиляцияланган. Ошондой эле 711–718-жылдарда Ис&shy;панияга басып кирген арабдар, берберлер да ис&shy;пан этносунун калыптанышына таасирин тий&shy;гизген. 19-кылымдын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы эл&shy;деринин (бразилиялыктардан башкасы) этнос&shy;тук калыптанышына испандар чоң таасир тийгизген. Испандардын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чар&shy;бачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактары&shy;нын географиялык шартына карай испандардын турак үйлөрү ар түрдүү. Түштүк аймактарда испандар байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түндүк-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түндүк бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы ка&shy;баты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тири&shy;чиликке ылайыкташтырылган. Улуттук ки&shy;йимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а курт&shy;ка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бу&shy;туна булгаарыдан жасалган же эспартодон то&shy;кулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген бел&shy;демчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жер&shy;лерде сарафан, башына жоолук салынып же жа&shy;мынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даяр&shy;далып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдону&shy;лат. Испандар жаз карнавалы, диний ж. б. майрам&shy;дарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Испандардын элдик бийи – фла&shy;менко.  
<p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p>
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

09:35, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИСПАНДАР (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жергиликтүү калкы. Европа өлкөлө­рүндө (Германия, Франция, Швейцария, Порту­галия, Италия), Латын Америкасында (Арген­тина, Мексика, Бразилия), Түндүк Америкада (Ка­нада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, анын ичинде Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан ди­нинин католик тармагын тутушат. Испандар м-н бир­дикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган су­бэтностук топтор (каталондор, галицийлер, баск­тар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней жарым аралына көчүп келген ибер, кельт уруу­лары испандардын этностук курамын түзгөн. Рим

империясынын тушунда (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 5-кылымы) Пиреней жарым аралындагы урууларды романдаш­тыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-кылымдарда журт ко­торуп келген герман уруулары да жергиликтүү калк м-н ассимиляцияланган. Ошондой эле 711–718-жылдарда Ис­панияга басып кирген арабдар, берберлер да ис­пан этносунун калыптанышына таасирин тий­гизген. 19-кылымдын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы эл­деринин (бразилиялыктардан башкасы) этнос­тук калыптанышына испандар чоң таасир тийгизген. Испандардын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чар­бачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактары­нын географиялык шартына карай испандардын турак үйлөрү ар түрдүү. Түштүк аймактарда испандар байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түндүк-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түндүк бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы ка­баты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тири­чиликке ылайыкташтырылган. Улуттук ки­йимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а курт­ка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бу­туна булгаарыдан жасалган же эспартодон то­кулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген бел­демчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жер­лерде сарафан, башына жоолук салынып же жа­мынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даяр­далып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдону­лат. Испандар жаз карнавалы, диний ж. б. майрам­дарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Испандардын элдик бийи – фла­менко.

Ш. Керимова.