ИСПАНДАР
ИСПАНДАР (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жергиликтүү калкы. Европа өлкөлөрүндө (Германия, Франция, Швейцария, Португалия, Италия), Латын Америкасында (Аргентина, Мексика, Бразилия), Түндүк Америкада (Канада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, анын ичинде Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин католик тармагын тутушат. Испандар м-н бирдикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган субэтностук топтор (каталондор, галицийлер, басктар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней жарым аралына көчүп келген ибер, кельт уруулары испандардын этностук курамын түзгөн. Рим

империясынын тушунда (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 5-кылымы) Пиреней жарым аралындагы урууларды романдаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-кылымдарда журт которуп келген герман уруулары да жергиликтүү калк м-н ассимиляцияланган. Ошондой эле 711–718-жылдарда Испанияга басып кирген арабдар, берберлер да испан этносунун калыптанышына таасирин тийгизген. 19-кылымдын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы элдеринин (бразилиялыктардан башкасы) этностук калыптанышына испандар чоң таасир тийгизген. Испандардын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактарынын географиялык шартына карай испандардын турак үйлөрү ар түрдүү. Түштүк аймактарда испандар байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түндүк-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түндүк бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тиричиликке ылайыкташтырылган. Улуттук кийимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а куртка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бутуна булгаарыдан жасалган же эспартодон токулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген белдемчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жерлерде сарафан, башына жоолук салынып же жамынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдонулат. Испандар жаз карнавалы, диний ж. б. майрамдарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Испандардын элдик бийи – фламенко.
Ш. Керимова.