ИСПАНДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСПАНДАР</b> (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын | <b type='title'>ИСПАНДАР</b> (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жергиликтүү калкы. Европа өлкөлө­рүндө (Германия, Франция, Швейцария, Порту­галия, Италия), Латын Америкасында (Арген­тина, Мексика, Бразилия), Түндүк Америкада (Ка­нада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, анын ичинде Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан ди­нинин католик тармагын тутушат. Испандар м-н бир­дикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган су­бэтностук топтор (каталондор, галицийлер, баск­тар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней жарым аралына көчүп келген ибер, кельт уруу­лары испандардын этностук курамын түзгөн. Рим | ||
[[File:ИСПАНДАР75.png | thumb | none]] | [[File:ИСПАНДАР75.png | thumb | none]] | ||
империясынын тушунда (б. з. ч. 2- | империясынын тушунда (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 5-кылымы) Пиреней жарым аралындагы урууларды романдаш­тыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-кылымдарда журт ко­торуп келген герман уруулары да жергиликтүү калк м-н ассимиляцияланган. Ошондой эле 711–718-жылдарда Ис­панияга басып кирген арабдар, берберлер да ис­пан этносунун калыптанышына таасирин тий­гизген. 19-кылымдын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы эл­деринин (бразилиялыктардан башкасы) этнос­тук калыптанышына испандар чоң таасир тийгизген. Испандардын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чар­бачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактары­нын географиялык шартына карай испандардын турак үйлөрү ар түрдүү. Түштүк аймактарда испандар байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түндүк-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түндүк бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы ка­баты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тири­чиликке ылайыкташтырылган. Улуттук ки­йимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а курт­ка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бу­туна булгаарыдан жасалган же эспартодон то­кулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген бел­демчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жер­лерде сарафан, башына жоолук салынып же жа­мынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даяр­далып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдону­лат. Испандар жаз карнавалы, диний ж. б. майрам­дарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Испандардын элдик бийи – фла­менко. | ||
<p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:35, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСПАНДАР (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жергиликтүү калкы. Европа өлкөлөрүндө (Германия, Франция, Швейцария, Португалия, Италия), Латын Америкасында (Аргентина, Мексика, Бразилия), Түндүк Америкада (Канада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, анын ичинде Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин католик тармагын тутушат. Испандар м-н бирдикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган субэтностук топтор (каталондор, галицийлер, басктар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней жарым аралына көчүп келген ибер, кельт уруулары испандардын этностук курамын түзгөн. Рим

империясынын тушунда (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 5-кылымы) Пиреней жарым аралындагы урууларды романдаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-кылымдарда журт которуп келген герман уруулары да жергиликтүү калк м-н ассимиляцияланган. Ошондой эле 711–718-жылдарда Испанияга басып кирген арабдар, берберлер да испан этносунун калыптанышына таасирин тийгизген. 19-кылымдын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы элдеринин (бразилиялыктардан башкасы) этностук калыптанышына испандар чоң таасир тийгизген. Испандардын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактарынын географиялык шартына карай испандардын турак үйлөрү ар түрдүү. Түштүк аймактарда испандар байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түндүк-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түндүк бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тиричиликке ылайыкташтырылган. Улуттук кийимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а куртка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бутуна булгаарыдан жасалган же эспартодон токулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген белдемчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жерлерде сарафан, башына жоолук салынып же жамынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдонулат. Испандар жаз карнавалы, диний ж. б. майрамдарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Испандардын элдик бийи – фламенко.
Ш. Керимова.