ИРТЫШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРТЫ́Ш</b> , Э р т и ш – Казакстан м-н Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь | <b type='title'>ИРТЫ́Ш</b> , Э р т и ш – Казакстан м-н Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Ат­лай тоолорунан (Кара Иртыш деген ат м-н) башта­лат. Узундугу 4248 <i>км</i>, алабынын аянты 1643 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сак­тагычы ж-а Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, ча­тына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 <i>км</i>ге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Кон­да (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгы­мы Тобольск шаары тушта 2150 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i> (чатында 2830 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>), эң чоң чыгымы – 12 100 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, эң азы – 297 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>. Төмөнкү агымы майдан сен­тябрга, жогорку агымы апрелден октябрга че­йин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 <i>км</i>ге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу м-н камсыз кы­лып, сугатка пайдаланылат. Иртыш – Караган­ды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негиз­ги шаарлар ж-а порттор: Усть-Каменогорск, Се­мей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Ман­сийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль м-н Артуш дарыяларынын ор­толорунда кимактар, ал эми кимактардын чы­гышында кыргыз уруулары турары айтылган. М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруу­лар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар ба­тыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калыш­кан. 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батыш­ка жыла баштаган. 10–12-кылымдарда Иртышты кыргыз­дардын айрым бөлүктөрү ж-а түрк уруулары ме­кендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын байтактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Могол­стан мамлекетинин карамагына кирген ж-а Иртыш анын түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-к­ылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын ка­рамагында калган ж-а калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымын­да Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орус­тардын Сибирди өздөштүрүшү м-н Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жо­горку Иртыш өрөөнү Енисей ж-а Теңир-Тоо кыр­гыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет. | ||
«Худуд ал-аламда» Итиль м-н Артуш | |||
<p align='right'><i type='author'>К. Жумашев, Т. Асанов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Жумашев, Т. Асанов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРТЫ́Ш , Э р т и ш – Казакстан м-н Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан (Кара Иртыш деген ат м-н) башталат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сактагычы ж-а Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгымы Тобольск шаары тушта 2150 м3/сек (чатында 2830 м3/сек), эң чоң чыгымы – 12 100 м3/сек, эң азы – 297 м3/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу м-н камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Иртыш – Караганды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негизги шаарлар ж-а порттор: Усть-Каменогорск, Семей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль м-н Артуш дарыяларынын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган. М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруулар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар батыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калышкан. 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батышка жыла баштаган. 10–12-кылымдарда Иртышты кыргыздардын айрым бөлүктөрү ж-а түрк уруулары мекендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын байтактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Моголстан мамлекетинин карамагына кирген ж-а Иртыш анын түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-кылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын карамагында калган ж-а калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымында Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү м-н Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей ж-а Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.
К. Жумашев, Т. Асанов.