ИРТЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРТЫ́Ш , Э р т и ш – Казакстан м-н Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Ат­лай тоолорунан (Кара Иртыш деген ат м-н) башта­лат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сак­тагычы ж-а Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, ча­тына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Кон­да (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгы­мы Тобольск шаары тушта 2150 м3/сек (чатында 2830 м3/сек), эң чоң чыгымы – 12 100 м3/сек, эң азы – 297 м3/сек. Төмөнкү агымы майдан сен­тябрга, жогорку агымы апрелден октябрга че­йин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу м-н камсыз кы­лып, сугатка пайдаланылат. Иртыш – Караган­ды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негиз­ги шаарлар ж-а порттор: Усть-Каменогорск, Се­мей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Ман­сийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль м-н Артуш дарыяларынын ор­толорунда кимактар, ал эми кимактардын чы­гышында кыргыз уруулары турары айтылган. М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруу­лар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар ба­тыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калыш­кан. 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батыш­ка жыла баштаган. 10–12-кылымдарда Иртышты кыргыз­дардын айрым бөлүктөрү ж-а түрк уруулары ме­кендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын байтактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Могол­стан мамлекетинин карамагына кирген ж-а Иртыш анын түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-к­ылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын ка­рамагында калган ж-а калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымын­да Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орус­тардын Сибирди өздөштүрүшү м-н Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жо­горку Иртыш өрөөнү Енисей ж-а Теңир-Тоо кыр­гыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.

К. Жумашев, Т. Асанов.