ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРА́Н РЕВОЛЮЦИЯСЫ</b> (1905–11) – Ирандагы | <b type='title'>ИРА́Н РЕВОЛЮЦИЯСЫ</b> (1905–11) – Ирандагы феодализмге ж-а империализмге каршы буржуазиялык революция. Кажарлар династиясы башында турган феодалдык төбөлдөр ж-а аларды колдогон импе­риалисттер м-н жаңыдан курала баштаган улут­тук буржуазия, ошондой эле дыйкандар, кол өнөрчү­лөр, жумушчулар ортосундагы карама-каршы­лыктардын күчөшүнөн чыккан. 20-кылымдын ба­шында Ирандын Улуу Британия м-н падыша­лык Россиянын чала колониясына айланышы ал карама-каршылыктарды ырбатып, ал эми 1905-жылы башталган Россиядагы буржуазиялык-демократиялык революция Иран революциясынын чыгышын бөтөнчө тездеткен. Революция 1905-жылы декабрда Тегеран, Шираз, Меш­хедде башталган. Революциядан чочулаган шах 1906-жылы 5-августта конституциялык түзүлүш кир­гизүүгө аргасыз болгон. 7-октябрда Ирандын 1- межилиси ачылган. Анда шах бийлигин чекте­ген Негизги закон кабыл алынып, ал 1906-жылы декабрда бекитилген. Ушуну м-н революциянын би­ринчи этабы аяктаган. 1907-жылы революциянын экин­чи этабы башталып, ага катышуучулар арасын­да либералдык ж-а демократиялык багыттар пайда бол­гон. Бул мезгилде дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаардык майда буржуазия активдүүлүк көр­сөтүп, өз талаптарын коё баштаган. Империа­лизмге каршы күрөш күчөп, буржуазиялык революциячыл уюмдар (энжомендер) ж-а туңгуч жумушчу уюм­дары түзүлгөн. Негизги законго кошумчалар кир­гизилип, өлкөдө буржуазиялык эркиндик жарыяланган. Бирок Иран революциясынын тереңдешинен корккон Улуу Британия м-н Россия 1907-жылы августта келишим түзүп, революциячыл кыймылга каршы аракеттерин күчөткөн. Ошондон пайдаланган Мухаммед- Али-шах 1908-жылы 23-июнда Тегеранда контр­революциячыл төңкөрүш жасап, межилисти ж-а эн­жоменди тараткан. Мындан соң күрөш борбору иран азербайжандарына ооп, 1908–09-жылдарда Теб­риз көтөрүлүшү чыккан. Ошону м-н Иран революциясынын жаңы мезгили башталган. Бул кезде революциячыл Тебриз кавказдык революционерлерден ыктыяр­дуу аскер, курал жагынан чоң жардам алып турган. Конституция тарапкерлери 1909-жылы ян­варда Исфахан, Бишур ж. б. шаарларда ж-а ра­йондордо бийликке келген. 1909-жылы Тегеранда Мухаммед-Али-шах тактан кулап, уулу Ахмед шах болгон. Конституция калыбына келтири­лип, революциянын акыркы этабы башталган. Де­мократиялык кыймылдын ийгилигин өз максатына пай­даланган феодал-помещикчил чөйрөлөр, комп­радордук соода буржуазиясы революцияны андан ары өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн реакциячыл чөйрөлөр ж-а империалисттик державалар м-н келишип кеткен. Империалист­тик державалардын ж-а иран реакциясынын биргелешкен күчү м-н 1911-жылдын аягында Иран революциясы басылган. Иран революциясынын жеңилиши Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россияга ан­дан ары күнкор болушуна жардам берген. Ошентсе да Иран революциясы Ирандын феодалдык түзүлү­шүнө сокку уруп, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизген. | ||
феодализмге ж-а империализмге каршы | |||
өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн | |||
реакциячыл чөйрөлөр ж-а империалисттик державалар м-н келишип кеткен. Империалист­тик державалардын ж-а иран реакциясынын биргелешкен күчү м-н 1911-жылдын аягында | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
03:56, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРА́Н РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1905–11) – Ирандагы феодализмге ж-а империализмге каршы буржуазиялык революция. Кажарлар династиясы башында турган феодалдык төбөлдөр ж-а аларды колдогон империалисттер м-н жаңыдан курала баштаган улуттук буржуазия, ошондой эле дыйкандар, кол өнөрчүлөр, жумушчулар ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнөн чыккан. 20-кылымдын башында Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россиянын чала колониясына айланышы ал карама-каршылыктарды ырбатып, ал эми 1905-жылы башталган Россиядагы буржуазиялык-демократиялык революция Иран революциясынын чыгышын бөтөнчө тездеткен. Революция 1905-жылы декабрда Тегеран, Шираз, Мешхедде башталган. Революциядан чочулаган шах 1906-жылы 5-августта конституциялык түзүлүш киргизүүгө аргасыз болгон. 7-октябрда Ирандын 1- межилиси ачылган. Анда шах бийлигин чектеген Негизги закон кабыл алынып, ал 1906-жылы декабрда бекитилген. Ушуну м-н революциянын биринчи этабы аяктаган. 1907-жылы революциянын экинчи этабы башталып, ага катышуучулар арасында либералдык ж-а демократиялык багыттар пайда болгон. Бул мезгилде дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаардык майда буржуазия активдүүлүк көрсөтүп, өз талаптарын коё баштаган. Империализмге каршы күрөш күчөп, буржуазиялык революциячыл уюмдар (энжомендер) ж-а туңгуч жумушчу уюмдары түзүлгөн. Негизги законго кошумчалар киргизилип, өлкөдө буржуазиялык эркиндик жарыяланган. Бирок Иран революциясынын тереңдешинен корккон Улуу Британия м-н Россия 1907-жылы августта келишим түзүп, революциячыл кыймылга каршы аракеттерин күчөткөн. Ошондон пайдаланган Мухаммед- Али-шах 1908-жылы 23-июнда Тегеранда контрреволюциячыл төңкөрүш жасап, межилисти ж-а энжоменди тараткан. Мындан соң күрөш борбору иран азербайжандарына ооп, 1908–09-жылдарда Тебриз көтөрүлүшү чыккан. Ошону м-н Иран революциясынын жаңы мезгили башталган. Бул кезде революциячыл Тебриз кавказдык революционерлерден ыктыярдуу аскер, курал жагынан чоң жардам алып турган. Конституция тарапкерлери 1909-жылы январда Исфахан, Бишур ж. б. шаарларда ж-а райондордо бийликке келген. 1909-жылы Тегеранда Мухаммед-Али-шах тактан кулап, уулу Ахмед шах болгон. Конституция калыбына келтирилип, революциянын акыркы этабы башталган. Демократиялык кыймылдын ийгилигин өз максатына пайдаланган феодал-помещикчил чөйрөлөр, компрадордук соода буржуазиясы революцияны андан ары өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн реакциячыл чөйрөлөр ж-а империалисттик державалар м-н келишип кеткен. Империалисттик державалардын ж-а иран реакциясынын биргелешкен күчү м-н 1911-жылдын аягында Иран революциясы басылган. Иран революциясынын жеңилиши Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россияга андан ары күнкор болушуна жардам берген. Ошентсе да Иран революциясы Ирандын феодалдык түзүлүшүнө сокку уруп, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизген.