ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ
ИРА́Н РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1905–11) – Ирандагы феодализмге ж-а империализмге каршы буржуазиялык революция. Кажарлар династиясы башында турган феодалдык төбөлдөр ж-а аларды колдогон империалисттер м-н жаңыдан курала баштаган улуттук буржуазия, ошондой эле дыйкандар, кол өнөрчүлөр, жумушчулар ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнөн чыккан. 20-кылымдын башында Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россиянын чала колониясына айланышы ал карама-каршылыктарды ырбатып, ал эми 1905-жылы башталган Россиядагы буржуазиялык-демократиялык революция Иран революциясынын чыгышын бөтөнчө тездеткен. Революция 1905-жылы декабрда Тегеран, Шираз, Мешхедде башталган. Революциядан чочулаган шах 1906-жылы 5-августта конституциялык түзүлүш киргизүүгө аргасыз болгон. 7-октябрда Ирандын 1- межилиси ачылган. Анда шах бийлигин чектеген Негизги закон кабыл алынып, ал 1906-жылы декабрда бекитилген. Ушуну м-н революциянын биринчи этабы аяктаган. 1907-жылы революциянын экинчи этабы башталып, ага катышуучулар арасында либералдык ж-а демократиялык багыттар пайда болгон. Бул мезгилде дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаардык майда буржуазия активдүүлүк көрсөтүп, өз талаптарын коё баштаган. Империализмге каршы күрөш күчөп, буржуазиялык революциячыл уюмдар (энжомендер) ж-а туңгуч жумушчу уюмдары түзүлгөн. Негизги законго кошумчалар киргизилип, өлкөдө буржуазиялык эркиндик жарыяланган. Бирок Иран революциясынын тереңдешинен корккон Улуу Британия м-н Россия 1907-жылы августта келишим түзүп, революциячыл кыймылга каршы аракеттерин күчөткөн. Ошондон пайдаланган Мухаммед- Али-шах 1908-жылы 23-июнда Тегеранда контрреволюциячыл төңкөрүш жасап, межилисти ж-а энжоменди тараткан. Мындан соң күрөш борбору иран азербайжандарына ооп, 1908–09-жылдарда Тебриз көтөрүлүшү чыккан. Ошону м-н Иран революциясынын жаңы мезгили башталган. Бул кезде революциячыл Тебриз кавказдык революционерлерден ыктыярдуу аскер, курал жагынан чоң жардам алып турган. Конституция тарапкерлери 1909-жылы январда Исфахан, Бишур ж. б. шаарларда ж-а райондордо бийликке келген. 1909-жылы Тегеранда Мухаммед-Али-шах тактан кулап, уулу Ахмед шах болгон. Конституция калыбына келтирилип, революциянын акыркы этабы башталган. Демократиялык кыймылдын ийгилигин өз максатына пайдаланган феодал-помещикчил чөйрөлөр, компрадордук соода буржуазиясы революцияны андан ары өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн реакциячыл чөйрөлөр ж-а империалисттик державалар м-н келишип кеткен. Империалисттик державалардын ж-а иран реакциясынын биргелешкен күчү м-н 1911-жылдын аягында Иран революциясы басылган. Иран революциясынын жеңилиши Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россияга андан ары күнкор болушуна жардам берген. Ошентсе да Иран революциясы Ирандын феодалдык түзүлүшүнө сокку уруп, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизген.