ИНФАНТИЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФАНТИЛИ́ЗМ</b> (лат. infantilis – балалык) – организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө ж-а психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. | <b type='title'>ИНФАНТИЛИ́ЗМ</b> (лат. infantilis – балалык) – организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө ж-а психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. Инфантилизмге жугуш­туу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр сис­темасынын оорулары, ички секреция бездери­нин жабыркашы, ошондой эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык начар шарттар ж. б. себеп болот. Ал жалпы (бүт организмдин өспөй калышы) ж-а толук эмес (айрым органдардын, система­нын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт. Жал­пы инфантилизмде дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басы­мы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес инфантилизмге психикалык ж-а жыныс инфантилизми кирет. Психикалык инфантилизмде мүнөзү туруксуз болуп, ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык инфантилизмге аялдарда экинчилик жыныс белгилери - эмчеги, жа­тыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же бою­нан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт. Жыныстык инфантилизм аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамак­тануу, дене тарбия м-н машыгуу, балдарды ла­герге, санаторийге жиберүү, ошондой эле, ага түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо зарыл. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:18, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНФАНТИЛИ́ЗМ (лат. infantilis – балалык) – организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө ж-а психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. Инфантилизмге жугуштуу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, ички секреция бездеринин жабыркашы, ошондой эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык начар шарттар ж. б. себеп болот. Ал жалпы (бүт организмдин өспөй калышы) ж-а толук эмес (айрым органдардын, системанын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт. Жалпы инфантилизмде дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басымы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес инфантилизмге психикалык ж-а жыныс инфантилизми кирет. Психикалык инфантилизмде мүнөзү туруксуз болуп, ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык инфантилизмге аялдарда экинчилик жыныс белгилери - эмчеги, жатыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же боюнан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт. Жыныстык инфантилизм аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамактануу, дене тарбия м-н машыгуу, балдарды лагерге, санаторийге жиберүү, ошондой эле, ага түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо зарыл.