ИНФАНТИЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНФАНТИЛИ́ЗМ (лат. infantilis – балалык) – организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө ж-а психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. Инфантилизмге жугуш­туу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр сис­темасынын оорулары, ички секреция бездери­нин жабыркашы, ошондой эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык начар шарттар ж. б. себеп болот. Ал жалпы (бүт организмдин өспөй калышы) ж-а толук эмес (айрым органдардын, система­нын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт. Жал­пы инфантилизмде дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басы­мы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес инфантилизмге психикалык ж-а жыныс инфантилизми кирет. Психикалык инфантилизмде мүнөзү туруксуз болуп, ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык инфантилизмге аялдарда экинчилик жыныс белгилери - эмчеги, жа­тыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же бою­нан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт. Жыныстык инфантилизм аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамак­тануу, дене тарбия м-н машыгуу, балдарды ла­герге, санаторийге жиберүү, ошондой эле, ага түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо зарыл.