ИНФРАСТРУКТУРА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФРАСТРУКТУ́РА</b> (лат. infra – төмөн‚ астын­да ж-а structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20- | <b type='title'>ИНФРАСТРУКТУ́РА</b> (лат. infra – төмөн‚ астын­да ж-а structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энер­гетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу м-н жабдуу ж-а канализация‚ жалпы ж-а кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сак­тоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тар­мактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түр­лөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транс­порттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линия­сы‚ суу м-н камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тар­макты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ са­ламаттык сактоо ж-а билим берүү тармагы‚ тур­муш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары ки­рет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комп­лекстерди аймактык тейлөөчү ж-а алардын ры­нок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгай­лашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалы­маттык ресурстарды ички эркин ж-а аймак ара­лык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюшту­руу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура. | ||
Ад.: <i>Кузнецова А. И.</i> Инфраструктура. Геоэкономи­ческий подход. М., 2007. | Ад.: <i>Кузнецова А. И.</i> Инфраструктура. Геоэкономи­ческий подход. М., 2007. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:22, 3 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНФРАСТРУКТУ́РА (лат. infra – төмөн‚ астында ж-а structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энергетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу м-н жабдуу ж-а канализация‚ жалпы ж-а кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сактоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тармактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түрлөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транспорттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линиясы‚ суу м-н камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тармакты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ саламаттык сактоо ж-а билим берүү тармагы‚ турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары кирет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комплекстерди аймактык тейлөөчү ж-а алардын рынок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгайлашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалыматтык ресурстарды ички эркин ж-а аймак аралык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюштуруу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура.
Ад.: Кузнецова А. И. Инфраструктура. Геоэкономический подход. М., 2007.