ИНФРАСТРУКТУРА
ИНФРАСТРУКТУ́РА (лат. infra – төмөн‚ астында ж-а structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энергетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу м-н жабдуу ж-а канализация‚ жалпы ж-а кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сактоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тармактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түрлөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транспорттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линиясы‚ суу м-н камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тармакты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ саламаттык сактоо ж-а билим берүү тармагы‚ турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары кирет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комплекстерди аймактык тейлөөчү ж-а алардын рынок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгайлашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалыматтык ресурстарды ички эркин ж-а аймак аралык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюштуруу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура.
Ад.: Кузнецова А. И. Инфраструктура. Геоэкономический подход. М., 2007.