ИНТЕРЬЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРЬЕ́Р</b> (фр. interieur – ички) – 1) а р х и­т е к т у р а д а имараттын (турак ж-а коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. | <b type='title'>ИНТЕРЬЕ́Р</b> (фр. interieur – ички) – 1) а р х и­т е к т у р а д а имараттын (турак ж-а коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. Интерьердин архитектуралык композициясы м-н жа­салгасы көркөм айкалышып, адамга эстетика­лык ыракат берүүгө тийиш. Азыркы мезгилдин талабына ылайык архитекторлор м-н сүрөтчү­лөрдүн алдына жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларды туура чечүү адамдарды ыңгайлуу, эсте­тикалык муктаждыктарын канааттандыра тур­ган турак жай м-н камсыз кылууга мүмкүндүк берет; 2) живописте интерьер жанры 17-кылымда Голлан­дия (П. Санредам, де Витте ж. б.) м-н Фламанд­да мыкты өнүккөн. Россияда 19-кылымда пайда бол­гон (А. Г. Венецианов ж-а анын жолун жолдо­гон сүрөтчүлөр). Интерьердин үй тиричилик ж-а тары­хый сюжеттер боюнча сүрөт тартууда мааниси чоң. | ||
Ад.: <i>Соловьев Н. К.</i> История современного интерьера. М., 2004; <i>Мак-Коркодей Ч.</i> Убранство жилого интерьера. М., 2006. | Ад.: <i>Соловьев Н. К.</i> История современного интерьера. М., 2004; <i>Мак-Коркодей Ч.</i> Убранство жилого интерьера. М., 2006. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
03:15, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕРЬЕ́Р (фр. interieur – ички) – 1) а р х ит е к т у р а д а имараттын (турак ж-а коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. Интерьердин архитектуралык композициясы м-н жасалгасы көркөм айкалышып, адамга эстетикалык ыракат берүүгө тийиш. Азыркы мезгилдин талабына ылайык архитекторлор м-н сүрөтчүлөрдүн алдына жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларды туура чечүү адамдарды ыңгайлуу, эстетикалык муктаждыктарын канааттандыра турган турак жай м-н камсыз кылууга мүмкүндүк берет; 2) живописте интерьер жанры 17-кылымда Голландия (П. Санредам, де Витте ж. б.) м-н Фламандда мыкты өнүккөн. Россияда 19-кылымда пайда болгон (А. Г. Венецианов ж-а анын жолун жолдогон сүрөтчүлөр). Интерьердин үй тиричилик ж-а тарыхый сюжеттер боюнча сүрөт тартууда мааниси чоң.
Ад.: Соловьев Н. К. История современного интерьера. М., 2004; Мак-Коркодей Ч. Убранство жилого интерьера. М., 2006.