ИНТЕРЬЕР
ИНТЕРЬЕ́Р (фр. interieur – ички) – 1) а р х ит е к т у р а д а имараттын (турак ж-а коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. Интерьердин архитектуралык композициясы м-н жасалгасы көркөм айкалышып, адамга эстетикалык ыракат берүүгө тийиш. Азыркы мезгилдин талабына ылайык архитекторлор м-н сүрөтчүлөрдүн алдына жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларды туура чечүү адамдарды ыңгайлуу, эстетикалык муктаждыктарын канааттандыра турган турак жай м-н камсыз кылууга мүмкүндүк берет; 2) живописте интерьер жанры 17-кылымда Голландия (П. Санредам, де Витте ж. б.) м-н Фламандда мыкты өнүккөн. Россияда 19-кылымда пайда болгон (А. Г. Венецианов ж-а анын жолун жолдогон сүрөтчүлөр). Интерьердин үй тиричилик ж-а тарыхый сюжеттер боюнча сүрөт тартууда мааниси чоң.
Ад.: Соловьев Н. К. История современного интерьера. М., 2004; Мак-Коркодей Ч. Убранство жилого интерьера. М., 2006.