ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ</b> (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмге­ги, көбүнчө татаал | <b type='title'>ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ</b> (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмге­ги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек м-н кесип­тенген, маданиятты өнүктүргөн ж-а жайылткан коомдук катмары. Интеллигенция төмөнкүдөй маанилүү эки сапатка ээ: кең мааниде – адамзатка мүнөздүү болгон рухий дөөлөттү түзүү, акыл жөндөмдүү­лүгү; тар мааниде – оор кырдаалдарда тез че­чим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кы­зыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. «Интеллигенция» тер­мини алгачкы жолу 19-кылымда орус жазуучусу П. Д. Бобрыкин тарабынан илимге киргизил­ген. Интеллигенция антикалык доордо акыл ж-а күч эмгек­теринин бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда бо­луп, орто кылымдар ж-а Кайра жаралуу мезгилин­де калыптанган. Кесиптик структурасы боюнча интеллигенция илимий-техникалык, башкаруучулук, аскердик, укуктук ж-а сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшсө, маданият, ММК кызматкерлери интеллигенциянын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеологиялык ж-а адеп-ахлактык функцияларды ат­карышат. Интеллигенция – идеологиянын башкы жаратуу­чусу, саясий партияларды түзүүнүн демилгечи­си ж-а коомдук кыймылдардын башкаруучу­су. Интеллигенциянын андан аркы өнүгүшү индустриялык ж-а индустриялыктан кийинки коомдорго туу­ра келет. | ||
таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кы­зыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. | |||
чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
10:14, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмгеги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек м-н кесиптенген, маданиятты өнүктүргөн ж-а жайылткан коомдук катмары. Интеллигенция төмөнкүдөй маанилүү эки сапатка ээ: кең мааниде – адамзатка мүнөздүү болгон рухий дөөлөттү түзүү, акыл жөндөмдүүлүгү; тар мааниде – оор кырдаалдарда тез чечим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кызыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. «Интеллигенция» термини алгачкы жолу 19-кылымда орус жазуучусу П. Д. Бобрыкин тарабынан илимге киргизилген. Интеллигенция антикалык доордо акыл ж-а күч эмгектеринин бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болуп, орто кылымдар ж-а Кайра жаралуу мезгилинде калыптанган. Кесиптик структурасы боюнча интеллигенция илимий-техникалык, башкаруучулук, аскердик, укуктук ж-а сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшсө, маданият, ММК кызматкерлери интеллигенциянын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеологиялык ж-а адеп-ахлактык функцияларды аткарышат. Интеллигенция – идеологиянын башкы жаратуучусу, саясий партияларды түзүүнүн демилгечиси ж-а коомдук кыймылдардын башкаруучусу. Интеллигенциянын андан аркы өнүгүшү индустриялык ж-а индустриялыктан кийинки коомдорго туура келет.