ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК</b> – ачылышка‚ | <b type='title'>ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК</b> – ачылышка‚ ойлоп чыгарууга‚ илим‚ адабият‚ искусство чыгарма­ларына ж. б. интеллектуалдык чыгармачылык эмгек­тин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуу­чу адабий‚ көркөм‚ илимий, маектештик чыгарма­ларга‚ өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердиги­не‚ үн жазууга‚ радио берүүлөргө ж-а теле­көрсөтүүлөргө‚ адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга‚ илимий ачылыштар­га‚ өнөр жай үлгүлөрүнө‚ товардык белгилерге‚ тей­лөө белгилерине‚ фирмалык аталыштарга‚ ошондой эле өндүрүштүк‚ илимий адабий ж-а көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар интеллектуалдык менчик деп тү­шүнүлөт. Интеллектуалдык менчик автордук укук, өнөр жайлык мен­чик, илимий менчик деп бөлүнөт. Интеллектуалдык менчик боюнча эл ара­лык мүнөздөгү бир катар укуктук актылар бар: ө. ж. менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясы (1883), Адабий ж-а көркөм чыгармаларды кор­гоо боюнча Берн конвенциясы (1886)‚ Автордук укук боюнча бүткүл дүйнөлүк Конвенция (1952) ж. б. Бул конвенциялар көп жолу өзгөртүлгөн ж-а азыр жаңы редакцияда колдонулат. Андан тышка­ры интеллектуалдык менчик боюнча азыркы учурда 20дан ашуун ма­кулдашуу бар. 1967-жылы Cтокгольмдо Бүткүл дүй­нөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (БИМУ) түзүү тууралуу конвенцияга кол коюлуп‚ ал 1970-жылы күчүнө кирген. Кыргызстан ага мүчө. Интеллектуалдык менчикке укук экономика‚ социалдык ж-а маданий укук жөнүндө­гү 3-Эл аралык пактта бекемделген. Кыргызстанда интеллектуалдык менчик укугунун сакталышын КРдин мамлекеттик па­тент кызматы көзөмөлдөйт. Рынок мамилеле­рине өтүү м-н интеллектуалдык менчик жаатындагы өз мыйзамда­рын эл аралык укук актыларына ылайыкташ­тыруу м-н КРде «Автордук укук жөнүндө» (1998)‚ «Кыргыз Республикасынын патент мыйзамы» (1998) «Товардык тейлөө белгилери жөнүндө» (1998) ж. б. мыйзамдар кабыл алынды. | ||
ойлоп чыгарууга‚ илим‚ | |||
чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга‚ | |||
өндүрүштүк‚ | |||
ө. ж. менчигин коргоо Париж Конвенциясы (1883), Адабий ж-а көркөм чыгармаларды кор­гоо | |||
«Кыргыз Республикасынын патент мыйзамы» (1998) «Товардык тейлөө белгилери жөнүндө» (1998) ж. б. мыйзамдар кабыл алынды. | |||
Ад.: <i>Дозорцев В. А.</i> Интеллектуальные права; по­нятие, система, задачи кодификации. М., 2005. | Ад.: <i>Дозорцев В. А.</i> Интеллектуальные права; по­нятие, система, задачи кодификации. М., 2005. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
10:02, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК – ачылышка‚ ойлоп чыгарууга‚ илим‚ адабият‚ искусство чыгармаларына ж. б. интеллектуалдык чыгармачылык эмгектин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуучу адабий‚ көркөм‚ илимий, маектештик чыгармаларга‚ өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердигине‚ үн жазууга‚ радио берүүлөргө ж-а телекөрсөтүүлөргө‚ адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга‚ илимий ачылыштарга‚ өнөр жай үлгүлөрүнө‚ товардык белгилерге‚ тейлөө белгилерине‚ фирмалык аталыштарга‚ ошондой эле өндүрүштүк‚ илимий адабий ж-а көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар интеллектуалдык менчик деп түшүнүлөт. Интеллектуалдык менчик автордук укук, өнөр жайлык менчик, илимий менчик деп бөлүнөт. Интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык мүнөздөгү бир катар укуктук актылар бар: ө. ж. менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясы (1883), Адабий ж-а көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Берн конвенциясы (1886)‚ Автордук укук боюнча бүткүл дүйнөлүк Конвенция (1952) ж. б. Бул конвенциялар көп жолу өзгөртүлгөн ж-а азыр жаңы редакцияда колдонулат. Андан тышкары интеллектуалдык менчик боюнча азыркы учурда 20дан ашуун макулдашуу бар. 1967-жылы Cтокгольмдо Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (БИМУ) түзүү тууралуу конвенцияга кол коюлуп‚ ал 1970-жылы күчүнө кирген. Кыргызстан ага мүчө. Интеллектуалдык менчикке укук экономика‚ социалдык ж-а маданий укук жөнүндөгү 3-Эл аралык пактта бекемделген. Кыргызстанда интеллектуалдык менчик укугунун сакталышын КРдин мамлекеттик патент кызматы көзөмөлдөйт. Рынок мамилелерине өтүү м-н интеллектуалдык менчик жаатындагы өз мыйзамдарын эл аралык укук актыларына ылайыкташтыруу м-н КРде «Автордук укук жөнүндө» (1998)‚ «Кыргыз Республикасынын патент мыйзамы» (1998) «Товардык тейлөө белгилери жөнүндө» (1998) ж. б. мыйзамдар кабыл алынды.
Ад.: Дозорцев В. А. Интеллектуальные права; понятие, система, задачи кодификации. М., 2005.