ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК – ачылышка‚ ойлоп чыгарууга‚ илим‚ адабият‚ искусство чыгармаларына ж. б. интеллектуалдык чыгармачылык эмгектин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуучу адабий‚ көркөм‚ илимий, маектештик чыгармаларга‚ өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердигине‚ үн жазууга‚ радио берүүлөргө ж-а телекөрсөтүүлөргө‚ адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга‚ илимий ачылыштарга‚ өнөр жай үлгүлөрүнө‚ товардык белгилерге‚ тейлөө белгилерине‚ фирмалык аталыштарга‚ ошондой эле өндүрүштүк‚ илимий адабий ж-а көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар интеллектуалдык менчик деп түшүнүлөт. Интеллектуалдык менчик автордук укук, өнөр жайлык менчик, илимий менчик деп бөлүнөт. Интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык мүнөздөгү бир катар укуктук актылар бар: ө. ж. менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясы (1883), Адабий ж-а көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Берн конвенциясы (1886)‚ Автордук укук боюнча бүткүл дүйнөлүк Конвенция (1952) ж. б. Бул конвенциялар көп жолу өзгөртүлгөн ж-а азыр жаңы редакцияда колдонулат. Андан тышкары интеллектуалдык менчик боюнча азыркы учурда 20дан ашуун макулдашуу бар. 1967-жылы Cтокгольмдо Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (БИМУ) түзүү тууралуу конвенцияга кол коюлуп‚ ал 1970-жылы күчүнө кирген. Кыргызстан ага мүчө. Интеллектуалдык менчикке укук экономика‚ социалдык ж-а маданий укук жөнүндөгү 3-Эл аралык пактта бекемделген. Кыргызстанда интеллектуалдык менчик укугунун сакталышын КРдин мамлекеттик патент кызматы көзөмөлдөйт. Рынок мамилелерине өтүү м-н интеллектуалдык менчик жаатындагы өз мыйзамдарын эл аралык укук актыларына ылайыкташтыруу м-н КРде «Автордук укук жөнүндө» (1998)‚ «Кыргыз Республикасынын патент мыйзамы» (1998) «Товардык тейлөө белгилери жөнүндө» (1998) ж. б. мыйзамдар кабыл алынды.
Ад.: Дозорцев В. А. Интеллектуальные права; понятие, система, задачи кодификации. М., 2005.