ИНАУГУРАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНАУГУРА́ЦИЯ</b> (англ. inauguration, лат. ina- gurо – жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшү­нүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кыз­матына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанат­туу ант берүү аземи. Парламент алдында прези­денттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өл­көлөрдө Библияга же Куранга) | <b type='title'>ИНАУГУРА́ЦИЯ</b> (англ. inauguration, лат. ina- gurо – жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшү­нүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кыз­матына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанат­туу ант берүү аземи. Парламент алдында прези­денттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өл­көлөрдө Библияга же Куранга) инаугурациянын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт бо­луп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат. Кыргызстанда алгачкы инаугурация 1990-жылы А. Акаев Президент болуп шайлан­гандан кийин өткөзүлгөн. КРдин Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, КРдин Кон­ституциялык, КРдин Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президен­тинин администрациясы ж-а КРдин Өкмөтү­нүн аппарат кызматкерлери, облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, борбордук, мамлекеттик ор­гандардын, мамлекеттик ишканалардын ж-а коомдук уюмдардын, коомдук палатанын ж-а КР калкы­нын ассамблея жетекчилери, дипломатиялык корпустун ж-а эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпы элдин ал­дында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кыргызстандын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет баш­чысына КР Президентинин күбөлүгү ж-а моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:19, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНАУГУРА́ЦИЯ (англ. inauguration, лат. ina- gurо – жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшүнүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземи. Парламент алдында президенттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өлкөлөрдө Библияга же Куранга) инаугурациянын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт болуп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат. Кыргызстанда алгачкы инаугурация 1990-жылы А. Акаев Президент болуп шайлангандан кийин өткөзүлгөн. КРдин Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, КРдин Конституциялык, КРдин Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президентинин администрациясы ж-а КРдин Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, борбордук, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын ж-а коомдук уюмдардын, коомдук палатанын ж-а КР калкынын ассамблея жетекчилери, дипломатиялык корпустун ж-а эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпы элдин алдында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кыргызстандын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү ж-а моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат.