ИНАУГУРАЦИЯ
ИНАУГУРА́ЦИЯ (англ. inauguration, лат. ina- gurо – жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшүнүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземи. Парламент алдында президенттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өлкөлөрдө Библияга же Куранга) инаугурациянын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт болуп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат. Кыргызстанда алгачкы инаугурация 1990-жылы А. Акаев Президент болуп шайлангандан кийин өткөзүлгөн. КРдин Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, КРдин Конституциялык, КРдин Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президентинин администрациясы ж-а КРдин Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, борбордук, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын ж-а коомдук уюмдардын, коомдук палатанын ж-а КР калкынын ассамблея жетекчилери, дипломатиялык корпустун ж-а эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпы элдин алдында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кыргызстандын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү ж-а моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат.