ИММИГРАНТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИММИГРА́НТ</b> (лат. immigrans – көчүп келүү) | <b type='title'>ИММИГРА́НТ</b> (лат. immigrans – көчүп келүү) –башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. Иммигрант сая­сий, экономикалык, диний, ошондой эле ар кандай себептер м-н куугунтукталып, четтен туруктуу жашоо­го башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. Иммигранттар көптөгөн мамле­кеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4–7-кылымдар), Араб хали­фатынын түзүлүшү (7–8-кылымдар), Чыңгыз хандын им­периясынын күч алышы (11–17-кылымдар), улуу географиялык ачылыштар (15–17-кылымдардын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүй­нөлүк согуштан кийин Азиядан ж-а Түштүк Аф­рикадан көптөгөн иммигрант Батыш Европа, Америка | ||
өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка бай­ланыштуу качып келген иммигранттар Кыргызстанда да жа­шоо кечирүүдө. | |||
өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка бай­ланыштуу качып келген | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:48, 19 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИММИГРА́НТ (лат. immigrans – көчүп келүү) –башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. Иммигрант саясий, экономикалык, диний, ошондой эле ар кандай себептер м-н куугунтукталып, четтен туруктуу жашоого башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. Иммигранттар көптөгөн мамлекеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4–7-кылымдар), Араб халифатынын түзүлүшү (7–8-кылымдар), Чыңгыз хандын империясынын күч алышы (11–17-кылымдар), улуу географиялык ачылыштар (15–17-кылымдардын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Азиядан ж-а Түштүк Африкадан көптөгөн иммигрант Батыш Европа, Америка өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка байланыштуу качып келген иммигранттар Кыргызстанда да жашоо кечирүүдө.