ИДЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИДЕОЛО́ГИЯ</b> (<i>идея</i> ж-а <i>...логия</i>) – коомдук тур­муштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө ка­рата адамдардын мамилесин ж-а өз ара каты­шын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алды­на койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга тая­нып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан | <b type='title'>ИДЕОЛО́ГИЯ</b> (<i>идея</i> ж-а <i>...логия</i>) – коомдук тур­муштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө ка­рата адамдардын мамилесин ж-а өз ара каты­шын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алды­на койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга тая­нып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын неги­зинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир мак­сатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, сая­сат ишке ашырылат. Идеология – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-маз­мунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген маа­ниде киргизилген (1801). Идеология кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Эн­гельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапа­тында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий идеология » деп баалаган. Социализм кый­раган соң «идеологиядан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекет­терде улуттук идеологияны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология масе­леси бир жаңсыл чечиле элек. | ||
<p align='right'><i type='author'>Ж. Бөкөшов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ж. Бөкөшов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
10:15, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИДЕОЛО́ГИЯ (идея ж-а ...логия) – коомдук турмуштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө карата адамдардын мамилесин ж-а өз ара катышын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алдына койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга таянып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын негизинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир максатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, саясат ишке ашырылат. Идеология – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-мазмунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген мааниде киргизилген (1801). Идеология кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Энгельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапатында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий идеология » деп баалаган. Социализм кыйраган соң «идеологиядан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекеттерде улуттук идеологияны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология маселеси бир жаңсыл чечиле элек.
Ж. Бөкөшов.