ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ</b> – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө | <b type='title'>ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ</b> – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө жана аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Жалпы тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер менен болгон каты­шын, структуралык жана социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изил­дөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тил­дин коомдук процесстер менен байланышы, со­циалдык жана аймактык тарамдалышы, струк­туралык-стилдик вариациялуулугу жана башка жак­тары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мү­нөздүү жалпы касиеттерди аныктоо жана жалпы универсалдуулуктун илимий-теориялык, методологиялык неги­зин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
10:35, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө жана аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Жалпы тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер менен болгон катышын, структуралык жана социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изилдөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тилдин коомдук процесстер менен байланышы, социалдык жана аймактык тарамдалышы, структуралык-стилдик вариациялуулугу жана башка жактары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мүнөздүү жалпы касиеттерди аныктоо жана жалпы универсалдуулуктун илимий-теориялык, методологиялык негизин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет.