ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө жана аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Жалпы тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер менен болгон каты­шын, структуралык жана социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изил­дөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тил­дин коомдук процесстер менен байланышы, со­циалдык жана аймактык тарамдалышы, струк­туралык-стилдик вариациялуулугу жана башка жак­тары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мү­нөздүү жалпы касиеттерди аныктоо жана жалпы универсалдуулуктун илимий-теориялык, методологиялык неги­зин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет.