КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ – неолит дооруна (биздин заманга чейинки 6–5-миң жылдык) таандык археологиялык эсте­лик. Чатыр-Көлдүн чыгыш тарабында, Көк-Ай­гыр суусунун тектиринде жайгашкан. 1963-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунун Нарын отряды (жетекчиси Ш. А. Кыдыров) ачып, оку­муштуулар М. Б. Юнусалиев, В. А. Рановдор изилдеген. 2007-жылы кошумча археологиялык изилдөөлөр (археологдор К. Табалдиев, А. Абыканова) жүр­гүзүлүп, неолит дооруна чейинки мезолиттик таш куралдар жана таш чабындылары табылган. Таш куралдар көбүнчө кызгылтым оттук таш тегинен жасалган. Чогултулган коллекция Кошой-Коргон музейине жайгаштырылган. Көк-Айгыр көрүстөнү археологиялык изилдөө үчүн келечектүү эсте­лик болуп саналат.