КӨБҮКЧӨЛҮҮ КАМЕРА
КӨБҮКЧӨЛҮҮ КА́МЕРА – жогорку энергиялуу
заряддалган бөлүкчөлөрдүн изин (трек) каттоочу курал; анын иштеши бөлүкчөлөрдүн траекторияларын бойлото ысыган суюктуктун кайнашына (буунун майда көбүкчөлөрдү түзүшүнө) негизделген. К. к-ны 1952-ж. Д. Глейзер (АКШ) ойлоп чыгарган (Нобель сыйлыгы, 1954). К. к. адатта жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдүн суюктуктун ядролору м-н өз ара аракеттениши же бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүн каттоодо пайдаланылат. Жумуш аткаруучу суюктук катары көбүнчө суюк суутек, дейтерий, неондун суутек м-н аралашмасы (криогендик камера), о. эле пропан, фреон ж-а ксенондун пропан м-н аралашмасы
(оор суюктуктуу камера) колдонулат. Көбүкчөлөр жетишерлик өлчөмгө жеткенде К. к-дагы бөлүкчөлөрдүн изи сүрөткө тартылып алынат. К. к-нын жардамы м-н көптөгөн элементардык бөлүкчөлөр ачылган ж-а изилденген.