КӨБҮКЧӨЛҮҮ КАМЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБҮКЧӨЛҮҮ КА́МЕРА – жогорку энергиялуу заряддалган бөлүкчөлөрдүн изин (трек) каттоо­чу курал; анын иштеши бөлүкчөлөрдүн траек­торияларын бойлото ысыган суюктуктун кай­нашына (буунун майда көбүкчөлөрдү түзүшүнө) негизделген. К. к-ны 1952-ж. Д. Глейзер (АКШ) ойлоп чыгарган (Нобель сыйлыгы, 1954). К. к. адатта жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдүн суюк­туктун ядролору м-н өз ара аракеттениши же бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүн каттоодо пайдаланы­лат. Жумуш аткаруучу суюктук катары көбүнчө суюк суутек, дейтерий, неондун суутек м-н ара­лашмасы (криогендик камера), о. эле пропан, фреон ж-а ксенондун пропан м-н аралашмасы

(оор суюктуктуу камера) колдонулат. Көбүкчө­лөр жетишерлик өлчөмгө жеткенде К. к-дагы бөлүкчөлөрдүн изи сүрөткө тартылып алынат. К. к-нын жардамы м-н көптөгөн элементардык бөлүкчөлөр ачылган ж-а изилденген.