КҮЧ СЫЗЫКТАРЫ
КҮЧ СЫЗЫКТАРЫ – бир күч талаасын (электр, магнит, гравитация) сүрөттөө үчүн жүргүзүлүүчү элестүү сызыктар. К. с. талаанын каалаган чекитинде аларга жүргүзүлгөн жаныма ал талааны (электрдик, гравитациялык талаанын чыңалышы, магнит индукциясы) мүнөздөөчү вектордун багыты м-н дал келгендей кылып жайгаштырылат. Талаанын чыңалышы же магнит индукциясы – мейкиндиктеги чекиттин координаталарынын бир маанилүү функциясы болгондуктан, ар бир чекит аркылуу бир гана күч сызыгы өтөт. К. с-нын жыштыгы К. с-на перпендикуляр болгон аянт бирдик аркылуу өтүүчү К. с-нын саны ушул аянттагы талаанын чыңалышына (же магнит индукциясына) пропорциялаш болгудай тандалат. Ошентип К. с. мейкиндиктеги талаанын бөлүштүрүлүшүнүн көрсөтмөлүү сүрөтүн берет. Электр-статикалык талаанын К. с. дайыма эле туюк болбойт; алар оң заряддан башталып, терс заряддан бүтөт. Магнит талаасынын индукция сызыктары дайыма туюк, ошондуктан магнит талаасы куюндуу талаа. Биринчи болуп электр ж-а магнит талаалары үчүн К. с. түшүнүгүн англ. окумуштуу М. Фарадей киргизген.