КҮЧ СЫЗЫКТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЧ СЫЗЫКТАРЫ – бир күч талаасын (электр, магнит, гравитация) сүрөттөө үчүн жүргүзүлүүчү элестүү сызыктар. К. с. талаанын каалаган че­китинде аларга жүргүзүлгөн жаныма ал талааны (электрдик, гравитациялык талаанын чыңалышы, магнит индукциясы) мүнөздөөчү вектордун багыты м-н дал келгендей кылып жайгаштырылат. Талаанын чыңалышы же магнит индукциясы – мейкиндиктеги чекиттин координаталарынын бир маанилүү функциясы болгондуктан, ар бир чекит аркылуу бир гана күч сызыгы өтөт. К. с-нын жыштыгы К. с-на пер­пендикуляр болгон аянт бирдик аркылуу өтүүчү К. с-нын саны ушул аянттагы талаанын чыңа­лышына (же магнит индукциясына) пропорциялаш болгудай тандалат. Ошентип К. с. мейкиндиктеги талаанын бөлүштүрүлүшүнүн көрсөт­мөлүү сүрөтүн берет. Электр-статикалык талаа­нын К. с. дайыма эле туюк болбойт; алар оң заряддан башталып, терс заряддан бүтөт. Магнит талаасынын индукция сызыктары дайыма туюк, ошондуктан магнит талаасы куюндуу та­лаа. Биринчи болуп электр ж-а магнит талаа­лары үчүн К. с. түшүнүгүн англ. окумуштуу М. Фарадей киргизген.