КҮМҮШТАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМҮШТАК ТООСУ – Талас Ала-Тоосунун түн. т арм агы. Б ак ай-Ата р-нунун аймагында. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө ка­рай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км. Орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4251 м. Бийик түш. бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу ке­лип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт. Батыш ж-а чыгыш каптал­дары тик ж-а чукул, айрым жерлери капчыгай­луу. Негизинен рифейдин акиташ теги, акиташ чополуу сланец, филлит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Тоодон Карагайлы, Коёндуу, Чийим-Таш, Чоң-Жол, Коңур-Дөбө ж. б. суулар башталат. Жарым чөл ж-а кургак талаа (2700 м бийикке чейин), бадал токой аралашкан шалбаалуу талаа (2700–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.