КҮМҮШТАК ТООСУ
КҮМҮШТАК ТООСУ – Талас Ала-Тоосунун түн. т арм агы. Б ак ай-Ата р-нунун аймагында. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө карай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км. Орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4251 м. Бийик түш. бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу келип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт. Батыш ж-а чыгыш капталдары тик ж-а чукул, айрым жерлери капчыгайлуу. Негизинен рифейдин акиташ теги, акиташ чополуу сланец, филлит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Тоодон Карагайлы, Коёндуу, Чийим-Таш, Чоң-Жол, Коңур-Дөбө ж. б. суулар башталат. Жарым чөл ж-а кургак талаа (2700 м бийикке чейин), бадал токой аралашкан шалбаалуу талаа (2700–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.