КЫЧКЫЛТЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЧКЫЛТЕК (лат. Oxygenium), О – элемент­тердин мезгилдик системасынын VI тобундагы химиялык элемент; атомдук номери 8, ат. м. 15,9994. Табиятта кычкылтектин массалык сандары 16О, 17О ж-а 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 ж-а О3 (озон)

болот. Кычылтек металл эместердин ичинен эң актив­дүүсү (фтордон кийинки). Таза түрүндөгү кычкылтекти биринчи жолу 1772-ж. швед химиги К. Шееле KNO3, NаNO3, Mg(NO3)2ден, 1774-ж. англтялык хи­мик Ж. Пристли HgOдон бөлүп алган. 1775-ж.франсуцз химик А. Лавуазье абанын курамын анык­тап, ал кычкылтек м-н азоттон турарын айткан ж-а кис­лоталардын курамына киргендиктен, oxygene – «кислота пайда кылуучу» деп атаган. Кычкылтек эң ке­ңири таралган элемент. Атмосферада массасы боюнча 23,10%, көлөмү боюнча 20,95%ке чейин болот ж-а ал азоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Гид­росферада 85,82%, литосферада 52,8%ти түзөт. Курамында кычкылтек бар 1400дөн ашуун минерал бел­гилүү. Окистенүүнүн, күйүү, чирүү ж-а дем алуу­нун натыйжасында атмосферада азайып, өсүмдүктө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чы­гуучу кычкылтек м-н толукталат. Кычкылтек жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Абадан бир аз оор, сууда аз эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн кычкылтектин эригичтигинин мааниси өтө зор. –182,9°С ж-а нормалдуу басымда кычкаылтек көгүлтүр түстөгү суюк­тук; –218°Сде көк түстөгү катуу кристаллга ай­ланат. Кычкылтек гелий, неон ж-а аргондон башка бар­дык элементтер м-н хим. бирикмелерди пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr ж-а галогендерден башка элементтер м-н түздөн-түз аракеттенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар м-н болгон реакцияла­рында окистенткич болуп саналат. Кээ бир зат­тар, мисалы, азот оксиди кандын гемоглобини кычкылтек м-н бөлмө температурасында биригет. Кычкылтектин каты­шуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлү­гү – жылуулукту ж-а жарыкты бөлүп чыгаруу­су болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп ата­лат. Кычкылтек суутек м-н реакцияга кирип, сууну пай­да кылат. Реакция катализатордун катышуу­сунда 80°–100°Сде тез жүрөт. 500°Cден жогорку температурада реакция жарылуу м-н жүрөт. Ката­лизаторлордун катышуусу м-н көп окистенүү реакциялары тездейт. Кычкылтек күкүрт, селен, теллур­дан айырмаланып, 2 валенттүү. Суутек м-н ка­димки температурада өтө жай, 550°Сдан жогорку темп-рада жарылуу м-н, ал эми күкүрт, кө­мүртек, азот, фосфор м-н да кадимки шартта жай кошулат. Кычкылтек дээрлик бардык металлдарды окистендирет. Кыскылтек мезгилдик системанын II то­бунун элементтери м-н реакцияга кирет. Мисалы, Ba 20–25°Сде, Mg ж-а Be 500°Сден жогорку темп­рада күйөт. Реакциянын натыйжасында оксид­дер ж-а пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. III топ­тун элементтери температуранын таасиринде гана аракеттенет да, оксиддерди пайда кылат. Ti, Zr, Hf К-тин таасирине туруктуу. Кычкылтек көмүртек м-н реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жы­луулук бөлүнүп чыгат. Азот м-н 1200°Сден жо­горку темп-рада гана аракеттенип, NOну пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин кычкылданат. VI топтун элементтери S, Se, Te бир аз ысыт­канда эле кычкылтек м-н аракеттенет. W ж-а Mo эле­менттеринин окистениши 400°Сде байкалат. Лабораторияда кычкылтек оксиддерди, пероксиддерди, окси кислоталардын туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) тер­миялык ажыратуу м-н алынат. Өнөп жайда кычкылтек аба­нын курамынан – 40°Сде ж-а 40 атмосферанын басым ас­тында суюктукка айлантып, ректификациялоо жолу м-н алынат. Техникада кычкылтек металлдарды ширетүүдө, кесүүдө, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде ж-а медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундарды, күкүрт, азот кислоталарын, сода ж. б. химиялык заттарды алууда, жардыруу иштеринде колдо­нулат.

Д. Сатыбалдиев.