КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРХИТЕКТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРХИТЕКТОРУ – ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму­нун 1970-жылдын 30-оябрындагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Ал шаарларды курууда­гы, азыркы кездеги жарандык, өнөр жайлык жана айыл архитектурасында кеңири таанымал комплек­стерди, курулуштарды жана имараттарды куруу­да өтө көрүнүктүү чыгармачылык ийгиликтерге ээ бо­луп, архитектураны өнүктүрүүдө сиңирген өзгөчө эм­геги үчүн жогорку атайын билими бар, архитектура­лык уюмдарда кеминде 15 жыл иштеген арх­итекторлорго берилет.