КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ Т. C а д ы к о в а т ы н д а – жогорку билим берүүчү көркөм сүрөт окуу жайы жана илимий-изилдөө мекемеси. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Жогорку мамлекеттик көркөм сүрөт коллежи түзүлгөн. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясына улуттук макамы берилип, 2004-жылы Т. Cадыковдун ысмы ыйгарылган. Академиянын максаты – көркөм сүрөт боюнча ар тармактуу, көп баскычтуу үзгүлтүксүз билим берүү концепциясын ишке ашыруу. Анын түзүмү жогорку кесипкөй искусство чеберлерин жана искусство таануучуларды даярдоо үчүн окуу-методикалык жана илимий базаны түзүүнүн бирдиктүү программасына киргизилген бир катар компоненттерди камтыйт. Академиянын көркөм

сүрөт мектебинин баштапкы класстарынан 4 жыл бою (6–9-класс) республиканын шаарларынан жана райондорунан келген жөндөмдүү балдар, ошондой эле облустук балдардын көркөм сүрөт мектебинде окугандар көркөм сүрөт искусствосунан базалык билим алышат. Экинчи баскычы – 5 факультети бар 3 жылдык көркөм сүрөт окуу жайы. Институтта станок айкели, живопись, өнөр жай графикасы, көркөм жасалгалоо, искусство таануу факультеттери бар. Академиянын түзүмүндө илимий-изилдөө бөлүмү, илимий-методикалык музей иштейт. Туңгуч президенти – Т. Cадыков (1995-жылдан).