КУУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУТ – төл алуу үчүн тубар мал менен эркек малды жупташтыруу (качыруу). Тубар мал күүлөгөн мезгилде куудурулат. Малды алгачкы куудуруу организм жетилгенде өткөрүлөт, мис., айгыр менен байтал 3 жашынан, бука менен кунажын 15–18, кочкор менен токту 12–18, каман менен мегежин 10–12 айлыгынан үйүрлөштүрүлөт. К-тун эркин, короодо, үйүрдө, класстата, жасалма түрлөрү бар. Малдын түрүнө, кунардуулугуна, санына, үйү­рүнө, табигый шартка жараша өткөрүлөт. Эркин куут көбүнчө эт багытындагы уй чарбасында, үйүрдө куудуруу көбүнчө жылкы чарбасында, класстата куудуруу кой чарбачылыгында колдонулат. Кой класска бөлүнүп, аларга тандамал кочкор кошулат.