КУУТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУУТ – төл алуу үчүн тубар мал менен эркек малды жупташтыруу (качыруу). Тубар мал күүлөгөн мезгилде куудурулат. Малды алгачкы куудуруу организм жетилгенде өткөрүлөт, мис., айгыр менен байтал 3 жашынан, бука менен кунажын 15–18, кочкор менен токту 12–18, каман менен мегежин 10–12 айлыгынан үйүрлөштүрүлөт. К-тун эркин, короодо, үйүрдө, класстата, жасалма түрлөрү бар. Малдын түрүнө, кунардуулугуна, санына, үйүрүнө, табигый шартка жараша өткөрүлөт. Эркин куут көбүнчө эт багытындагы уй чарбасында, үйүрдө куудуруу көбүнчө жылкы чарбасында, класстата куудуруу кой чарбачылыгында колдонулат. Кой класска бөлүнүп, аларга тандамал кочкор кошулат.