КУЛУНДУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛУНДУ – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Кулунду айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 640 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 48 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 18 км. Кыштак 1953-ж. негизделген. Калкы 8250 (2009); негизинен дыйкан жана мал чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, кесиптик-тех. окуу жайы, бала бакча, мад-т үйү, ФАП, оорукана, дарыканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, базарчалар, тамактануучу жайлар иштейт.