КУЛУНДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛУНДУ – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Кулунду айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 640 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 48 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажик­стан) 18 км. Кыштак 1953-ж. негизделген. Кал­кы 8250 (2009); негизинен дыйкан жана мал чар­баларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, кесиптик-тех. окуу жайы, бала бакча, мад-т үйү, ФАП, оорукана, дарыканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүн­дөрү, базарчалар, тамактануучу жайлар иштейт.