КУЗНЕЦК ОЙДУҢУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЗНЕ́ЦК ОЙДУҢУ Батыш Сибирдин түштүгүндө; түн.-чыгышынан Кузнецк Ала-Тоосу, түш.-батышынан Салаир токол тоосу, түштүгүнөн Тоолуу Шория менен чектешет. Кемеров облнун аймагында. Уз. 400 км, туурасы 120 кмге чейин. Томь, Иня ж. б. суулардын (Обдун куймалары) өрөөндөрү менен тилмеленген күдүрлүү түздүк; деңиз деңг. бийикт. түндүгүндө 200 мден, түштүгүндө 500 мге чейин; борб. бөлүгүндө бийикт. 740 мге жеткен токол тоолор жайгашкан. Дүйүм чөп-ак кылкандуу талаа ландшафты басымдуу (азыр көп бөлүгү айдалган); айрым жерлеринде кызыл карагай-кайың токойлуу талаа кездешет. Чыгышын көк карагай, байтеректүү тайга ээлейт. Ойдуңдун аймагында Кузнецк көмүр бассейни бар.