КУЗНЕЦК ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЗНЕ́ЦК ОЙДУҢУ Батыш Сибирдин түштү­гүндө; түн.-чыгышынан Кузнецк Ала-Тоосу, түш.-батышынан Салаир токол тоосу, түштүгү­нөн Тоолуу Шория менен чектешет. Кемеров обл­нун аймагында. Уз. 400 км, туурасы 120 кмге чейин. Томь, Иня ж. б. суулардын (Обдун куй­малары) өрөөндөрү менен тилмеленген күдүрлүү түздүк; деңиз деңг. бийикт. түндүгүндө 200 мден, түштүгүндө 500 мге чейин; борб. бөлүгүндө би­йикт. 740 мге жеткен токол тоолор жайгашкан. Дүйүм чөп-ак кылкандуу талаа ландшафты ба­сымдуу (азыр көп бөлүгү айдалган); айрым жер­леринде кызыл карагай-кайың токойлуу талаа кездешет. Чыгышын көк карагай, байтеректүү тайга ээлейт. Ойдуңдун аймагында Кузнецк көмүр бассейни бар.