КУБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУ́БА , К у б а Р е с п у б л и к а с ы – Латын Америкасындагы мамлекет, аймагынын аянты жана калкынын саны б-ча Кариб деңизинин ала­бындагы эң ири өлкө. Куба, Хувентуд ж. б. Чоң Антил а-ндагы 1600дөн ашык аралдар тобунда (Лос-Колорадос, Сабана, Камагуэй, Хардинес-де­ла Рейна, Лос-Канарреос архипелагдарында, Сан-Фелипе ж. б. аралдарда) жайгашкан. Чы­гышында Атлантика океаны, түштүгүндө Кариб деңизи менен чулганат. Түн. Америкадан баты-

шында Юкатан, түндүгүндө Флорида кысыкта­ры аркылуу бөлүнөт. Аянты 110,88 миң км2. Калкы 11,45 млн (2009). Борбору – Гавана. Рас­мий тили – испан тили. Акча бирдиги – песо.
Адм.-айм. жактан 169 муниципияга бөлүнгөн 14 провинциядан турат; а. и. Хувентуд а. бор­борго баш ийген атайын муниципия болуп са­налат (к. таблицаны).
К. – БУУнун (1945), Бейтараптык кыймылы­нын (1961), «77 тобунун» (1964), Кариб өлкөлөрү уюмунун (1994), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму-

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Аянты,

км2

Калкы миң Адм. борбору
Провинция Вилья-Клара 8,41 809,2 Санта-Клара
Гавана 5,73 740,0 Гавана
Гавана шаары 0,72 2156,6 Гавана
Гранма 8,37 833,6 Баямо
Гуантанамо 6,17 511,1 Гуантанамо
Камагуэй 15,62 783,4 Камагуэй
Лас-Тунас 6,59 533,1 Лас-Тунас
Матансас 11,80 684,3 Матансас
Ольгин 9,29 1035,7 Ольгин
Пинар-дель-Рио 10,90 731,2 Пинар-дель-Рио
Санкти-Спиритус 6,74 464,2 Санкти-Спи-ритус
Сантьяго-де-Куба 6,16 1044,7 Сантьяго-де-Куба
Сьего-де-Авила 6,78 421,0 Сьего-де-Авила
Сьенфуэгос 4,8 402,1 Сьенфуэгос
Атайынмуниципия Хувентуд аралы 2,42 86,5 Нуэва-Херона

нун (1995), Латын Америка интеграция ассоциа­циясынын (1999), «Биздин Американын элде­ринин Боливар альтернативасынын» (2004), «Рио тобунун» (2008) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – унитардык мам­лекет. К-нын Конституциясы 1976-ж. 15-феврал­да кабыл алынган. Башкаруу формасы – соц. республика. Мамл. бийликтин жогорку орга­ны – бир палаталуу парламент (Элдик бийлик­тин улуттук ассамблеясы), 609 депутаттан ту­рат, 5 жылга шайланат. Ал Мамл. кеңешти (31 депутат) түзөт. Мамл. кеңештин төрагасы мам­лекетти жана өкмөттү жетектейт. Аткаруу жана адм. бийликтин жогорку органы – Министрлер кеңеши. Саясий партиясы – Куба Коммунист­тик партиясы.

Табияты

. Жээк сызыгынын жалпы уз. 3735 км, өтө тилмеленген (айрыкча Кариб деңизинин аралдары), 200гө жакын булуң-буйтка бар; ири­лери: Батабано, Ана-Мария, Гуаканаябо. Мангр токойлуу жээктери арбын. Айрым аралдарынын жээктеринен 20–200 м аралыкта коралл (шуру) курулуштары кеңири таралган. Рельефи неги­зинен түздүктүү; Куба а-нын чет-жакасын, Пи­нос а-нын түштүгүн ж. б. жерлерин деңиздик аккумуляциялык жана абразия-аккумуляция­лык, айрым жерлерин тектирлүү түздүктөр ээлейт. Өлкөнүн ички аймактарына дельта, эро­зия-аккумуляциялык жана денудациялык түздүк­төр мүнөздүү. Дөңсөөлөр жана тоолор К-нын ай­гүндө терең тилмеленген Гуамуая массиви (би­йикт. 1156 мге чейин, Сан-Хуан чокусу) жай­гашкан. Бийик тоолору өлкөнүн түш.-чыгыш чет-жакасынан орун алган. К-нын эң бийик же­ри – өтө тилмеленген Сьерра-Маэстра тоосу (1974 м, Туркино чокусу) түштүктү жээктей созулуп жатат.
К. Антил-Кариб тектон. аймагынын Антил а. догосунун сегментинде жайгашкан. К-нын маа­нилүү кен байлыктары – никель жана кобальт кенташтары; кобальт кенташынын запасы б-ча дүйнөдө Конго Демокр. Респ-нан кийинки 2-, никель кенташыныкы б-ча Жаңы Каледония жана Австралиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Башка негизги кен байлыктары: жез, марганец, хромит, каолин, темир, нефть, алтын, курулуш материалдары ж. б. К. тропиктик климаттык алкакта жайгаш­кан, кышында түн.-чыгыш, жайында чыгыш­түн.-чыгыш пассаттарынын таасири тиет. Кли­маты мелүүн нымдуу, айрым жерлеринде (неги­зинен Куба а-нын түш.-чыгыш бөлүгүндө) мелүүн кургакчыл. Өлкөнүн климатына Гольфстрим жылуу агымы зор таасирин тийгизет, анын 2 тармагы К-нын бүт аймагын жыл бою чулгап агат, ошондуктан өлкөнү чулгап турган суунун бетинин темп-расы кышында 26–27°С, жайын­да 28–30°С. Январдын орт. темп-расы 20–22°С, июлдуку 27–29°С. Эң төмөнкү темп-ра түндүктөн кирген муздак аба массасына байланыштуу, ал 5°Сден төмөндөбөйт; эң жогорку темп-ра 40°Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачыны түздүк­төрдө 1000–1200 мм, тоолордо 2200 ммге чейин. -

Кариб деңизинин жээги.

Дарыялары кыска жана суусу аз. Эң ириси – Кау то д. (уз. 370 км) Сьерра-Маэстра тоосунан баш­талат. Дарыялары негизинен жамгыр суулары­нан куралат. Агымынын 80%ке жакыны күзгө туура келет. Нуктары босоголуу. Карсттуу ай­мактарда жоголуп кеткен жана жер астындагы агын суулар кездешет.

Колониялаштырууга чейин К-нын аймагынын 50%тен ашык аянты токой менен капталган, азыр ал 10%ти гана ээлейт. Токой негизинен тоолор­до жана саздак жерлерде сакталган. Түздүктөрдүн жана тоо капталдарынын этектеринин кызыл жана кызыл-күрөң топурактарында жалбыра Кубанын борбордук бөлүгүнө мүнөздүү түздүктүү (король пальмалуу) ландшафт.

күбүлмө жана дайыма жашыл түрлөргө бай (а. и. король жана кана пальмасы) тропик токою өсөт. Батышындагы (Пинар-дель-Рио провинциясын­да) жана чыгышындагы (Нипе-Баракоа массивин­де), Пинос а-ндагы кургакчылыраак жана таш­так топурактарында кызыл карагайлуу токой­лордун ири массивдери кездешет. Айрым жер­лерин (Кауто д-нын алабы) кылкандуу саванна тибиндеги өсүмдүктөр ээлейт. Түш.-чыгыш жээк­терине жана айрым башка жерлерге кактус, ага­ва аралаш өскөн тикендүү майда жалбырактуу бадалдар жамааттыгы мүнөздүү. Аймакты өз­дөштүрүү процессинде негизинен түздүктөрдүн токою кыйылып кеткен. Токойду тазалоодо да­рактардын айрымдары, а. и. король пальмасы сакталып калган, ошондуктан түздүктөрдүн азыркы ландшафты пальмалуу саваннаны элес­тетет. Король пальмасынын сүрөтү өлкөнүн улуттук гербинде тартылган. Түздүктүү жээкте­рине мангр токою мүнөздүү. К-нын флорасынын 50%тен ашыгы эндемиктер.
Антропогендик таасирден (токойдун кыйылып кетиши, алардын ордун тамеки, бал камыш плантацияларынын, маданий жайыттардын ээлеши ж. б.) К-нын табигый ландшафты кый­ла жапа чеккен. Токойду калыбына келтирүү б-ча ургаалдуу чаралар көрүлүүдө. Өлкөнүн уни­калдуу экосистемасын сактоо максатында кор­гоого алынган аймактардын тармагы уюшул­ган. Уникалдуу деңиз фаунасын сактоо үчүн Куба а-нын тегерегиндеги аралдар жана коррал (шуру) рифтери бүт резерват деп жарыяланган. Вара­деро, Сьерра-Маэстра улуттук парктары, Баия­де-Наранхо, Ла-Менсура табият парктары, Эль- Кабо, Купеяль коруктары, Хувентуд а-ндагы Сан-Фелипе коругу жана Пунта-Франсэс деңиз паркы уюшулган. Коргоого алынган 6 аймак ЮНЕСКОнун биосфералык резерваты статусуна ээ. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Алек­сандр Гумбольдт, Гранма, Виньялес өрөөнү улут­тук парктары кирген.

Калкы

. Калкынын көбүн кубалыктар түзөт. О. эле гаитиликтер, кытайлар, инди-пакистан­дыктар, орустар ж. б. жашайт. 20-к-да калктын саны 7 эсе өскөн (1899-ж. 1572 миң; 1980-ж. 9638 миң). Төрөлүү кыскарууда (1965-ж. 1000 адамга 34,3 бала; 2007-ж. 10,0 бала); өлүм-житим ту­руктуу (2007-ж. 1000 адамга 7,3). 1980-жылдар­дан калктын курактык структурасында 15 жаш­ка чейинки балдардын саны кыйла кыскарган (1981-ж. 30,3%; 2007-ж. 18,4%), 60 жана андан улуу курактагылардын саны өскөн (1981-ж. 10,9%; 2007-ж. 15,9%). Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 77,97 жыл (эркектердики – 76,0, аял­дардыкы – 80,02 жыл). 100 аялга 100,3 эркек туура келет. Калктын миграциясы 2000-жыл­дардан туруктуу (2007-ж. 1000 адамга 2,9). Баш­ка өлкөлөрдө (негизинен АКШда) 1,3 млндон ашык кубалык жашайт. Калкынын орт. жыш­тыгы: 1 км2 жерге 37,4 адам туура келет. Эң жыш жайгашкан жерлери: Гавана жана ага чек­теш жерлер (Гавана шаары провинциясынын калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерде 2995,3 адам, Гавананыкы 129,1 адам), өлкөнүн чыгыш бөлүгү (Сантьяго-де-Куба провинциясында 169,6 адам, Ольгин провинциясында 111,5 адам). Калк сейрек отурукташкан жерлери: Хувентуд а. (1 км2 жерде 35,7 адам) жана архипелагдагы май­да аралдар (1 адамдан аз). Урбанизация өтө жо­гору: шаар калкы 75,6% (2007). К-нын калкы­нын 60%ке жакыны -

Гавана шаарынын көрүнүшү.

католиктер. Ири шаарла ры (2009): Гавана (2,2 млн, шаар айланасы менен 2,6 млн), Сантьяго-де Куба (443,6 миң), Камагу­эй (309,8 миң), Ольгин (291,6 миң), Гуантанамо (221,4 миң), Санта-Клара (219,7 миң). Экон. активдүү калкы 6721,3 миң адам (2007), анын 4754,6 миңи экономикада эмгектенет. Тейлөө

чөйрөсүндө 63,4%и (анын 12,7%и соода, ресто­ран, мейманкана иштеринде, 40,9%и илим, би­лим, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрөдө, 5,8%и транспорт жана байланышта), 20%и айыл, токой чарбаларында жана балык кармоодо, 11,5%и ө. ж-да, 5,1%и курулушта иштейт.

Тарыхы

. К. аймагынан (Ольгин провинция­сы, Маяри д-нын жээктери ж. б.) адамзат та­рыхынын эң байыркы эстелиги – Левиса 1 (7- катмары мындан 5140, 6-катмары-4240 жана 4150 жыл мурда), Себоруко жана Мелонес (б. з. ч. 6-5 миң жыл), Пикимачай (Перу, б. з. ч. 12 миң жыл), Ахуэреадо (б. з. ч. 10–6,8 миң жыл) жана Эль-Риего (б. з. ч. 6,5–5 миң жыл) ж. б. тургунжайлары, эмгек куралдары табылган. Б. з. ч. 4 миң жыл мурда К. аймагын индейлер мекен­деген. Х. Колумб Куба а-н ачканда (1492) калк­тын саны 100дөн 200 миң кишиге чейин жет­кен. 1511-ж. Д. Веласкес де Куэльяр жетектеген испандар К-ны карата баштап, жерг. калкты

аёосуз кырган. 1512–15-ж. испандар Асунсьон (азыркы Баракоа), Сан-Сальвадор-де-Баямо (азыркы Баямо), Сантьяго-де-Куба, Сан-Кристо­баль-дела-Абана (Гавана) ж. б. шаарларды не­гиздеген. 1512–39-ж. испандар К-нын алтын­дарын ташып кеткен соң, ал жерде мал жана плантация (кант, тамеки) чарбалары пайда бол­гон (1570). Плантацияларда Африкадан алынып келген кул-негрлер иштешкен. 1596-ж. К. гене­рал-капитандык статуска ээ болгон. Испан бас­кынчылары өлкөнүн аймагын бөлүп алууну не­гизинен 17-к-дын ортосунда аяктаган. Испан­дарга каршы жерг. калктын көтөрүлүштөрү ырайымсыздык менен токтотулган. 1762–63-ж. Жети жылдык согуштун (1756–63) жүрүшүндө Гавананы англистер басып алып, К-га эркин соо­да жүргүзүү тартибин киргизген соң, испандык бийлик кубалык плантаторлордун укуктарын кеңейтүүгө аргасыз болгон. Европа, өзгөчө Фран­ция жана АКШ өлкөлөрү менен соода жүргүзүү К-нын экономикасынын жогорулашына мүмкүн­дүк берген. Испаниянын К-га тамеки монопо­лиясын алып таштап (1817), эркин сооданы ке­ңейтүү (1818) ж. б. жеңилдиктерди бериши план­тация чарбаларын гүлдөтүп, испан үстөмдүгүн жактагандардын абалын жакшырткан. 1820- жылдардын башында метрополия саясий же­ңилдиктерди берүүдөн баш тарткан. 1820–50- жылдары К-да реформисттик кыймыл кеңири жайылып, кулчулукту алып салууну талап кы­лышкан. 1830–40-жылдары К-да алгачкы таме­ки жана сигарета чыгаруучу ф-калар пайда бо­луп, кант өндүрүшү, тоо кен ө. ж. өнүккөн, т. ж. салынып, куюу устаканалары курулган. 1860- жылдары алгачкы жумушчу уюмдары (Гава­на тамекичилер ассоциациясы ж. б.) түзүлгөн. 1868-ж. 10-октябрда К-да К. М. де Сеспедестин жетекчилиги менен испан үстөмдүгүнө каршы ку­ралдуу көтөрүлүш башталган. Бул кийин он жылга созулган (1868–78) улуттук-боштондук согушка айланган. Анын жүрүшүндө испандар өлкөнү башкаруу системасын өзгөртүүгө жана кулдарды бошотууга убада берген. 1886-ж. К-да кулчулук жоюлган. Кулчулуктун жоюлушу ө. ж-дын өнүгүшүнө түрткү берген. К-нын негизги соода өнөктөшү АКШ болгон. 1880-жылдары К-да улуттук-боштондук кыймыл күч алып, 1895-ж. 24-февралда Орьенте провинциясында куралдуу көтөрүлүш чыккан. Ага Х. Марти жана Куба рев-ячыл партиясы (КРП; 1892-ж. АКШда негизделген) жетекчилик кылган. 1895-ж. 16- сентябрда Химагуаю ш-нда (Камагуэй провин­циясы) Конституциялык ассамблея К. респ-нын көз карандысыздыгын жарыялаган. С. Сиснерос президенттикке, Х. М. Гомес жана А. Масео Бош­тондук армиясынын жетекчилигине шайланган. 1897-ж. Конституциялык ассамблея конститу­циянын өзгөртүлгөн текстин бекитип, Б. Масо президент болуп шайланган. 1897-ж. көтөрүлүш­чүлөр К-нын көпчүлүк аймактарын көзөмөлдөп, испан аскерлери порт шаарларында гана кал­ган. 1898-ж. АКШ өкмөтү Боштондук армиясы­нын ийгиликтерин өз максатына пайдалануу менен Испанияга каршы согушуп [к. Испания-Аме­рика согушу (1898)], испандар толук талка­ланган. Париж тынчтык келишиминин (1898) шарты б-ча Испания К-га болгон укуктарынан баш тартып, Куба амер. аскер администрация­сынын көзөмөлдүгүнө өткөн. 1899-ж. АКШ К-ны оккупациялап, КРП ж. б. улуттук-боштон­дук уюмдарын, о. эле Боштондук армиясын тар­катып, 1903-ж. К-ны жарым колонияга айлан­дырган. 1923-ж. Х. А. Мельинин жетекчилиги менен К-да жаштар жана студенттердин кыймылы кулач жайган. 1925-ж. Гаванада Куба комму­нисттик партиясы (КПК) жана Куба жумушчу­ларынын улуттук конфедерациясы (КЖУК) не­гизделген. 1925-ж. АКШнын колдоосу менен К. президенттигине генерал Х. Мачадо-и-Мора­лес келген. Ал террор диктатурасын орнотуп, жазалоону күчөткөн, КПК ж. б. саясий партия­лардын ишине тыюу салган. Натыйжада КПК ж. б. саясий уюмдар 1933-ж. Х. Мачадо дикта­турасын кулатып (1933), башында К. М. де Сеспедес турган өкмөт түзүлүп, профсоюздар менен партиялар ачыкка чыккан. 1933-ж. 4-сен­тябрда Ф. Батиста жетектеген «сержанттар» кутуму бийликке Р. Грау Сан-Мартиндин Убак­тылуу рев-ялык өкмөтүн алып келген. Жаңы өкмөт прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү (8 саат­тык жумуш күнүн киргизүү, жумушчу уюмда­рын таануу, электр энергиясына, газга, сууга жана телефонго болгон бааны арзандатуу ж. б.) жүзөгө ашырган. 1940-ж. Ф. Батиста президент­тикке шайланып, СССР менен дипл. мамилелер­ди түзгөн. 1941-ж. К. АКШга удаа эле Япония, Германия жана Италияга согуш жарыялап, АКШ-ны аскердик-стратегиялык сырьё, жаңы ас­кер-деңиз жана аскер-аба базалары менен камсыз кылган. Р. Грау Сан-Мартин (1944–48) жана К. Прио Сокаррастын (1948–50) өкмөттөрү жүр­гүзгөн реформалардын өтө кашаңдыгы, К-нын 1950–53-ж. Корея согушуна АКШ тарапта катышышы элдик нааразылык туудурган. 1952-ж. президенттик шайлоо алдында КЭП жана анын лидерлери Э. Чибас менен Р. Аграмонте эл арасында белгилүү боло баштаган. Шайлоо­до жеңилип калуудан чочулаган генерал Ф. Ба­тиста 1952-ж. 10-мартта аскердик төңкөрүш жа­сап, бийликти басып алган. Ал ички реакция менен АКШнын жардамына таянып, аскердик-по­лициялык диктатура орноткон. Анын бийлиги демокр. эркиндикти жок кылып, оппозициялык күчтү куугунтуктаган. 1952-ж. Ф. Батиста СССР менен дипл. мамилени үзгөн. Ф. Батистанын сая­саты кеңири массанын кыжырдануусун тууду­руп, нааразычылык күчөгөн. 1955-ж. Ф. Батис­танын диктатурасын кулатуу максатында ба­шында Ф. Кастро Рус турган «26-июль кый­мылы» аскердик-саясий уюму түзүлгөн. К. Кас­тро командачылык кылган отряд 1956-ж. К-га келип, куралдуу күрөш баштаган (к. Куба рево­люциясы). 1959-ж. 2-январда Гаванада Рев-ялык өкмөт түзүлүп, Ф. Кастро Рус өкмөт башчылы­гына шайланган. 1959-ж. 8-февралда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, агрардык реформа жүргүзүлгөндүктөн, латифундия систе­масы жоюлган. 1960-ж. ири ишканалар (а. и. амер. компаниялар) ж. б. мамлекеттештирил­ген. 1960-ж. сов.-кубалык дипл. мамилелер ка­лыбына келтирилген. 1961-ж. «26-июль кый­мылы», КЭСП жана «13-марттагы революциялык директорат» кыймылдары биригип, Бириккен рев-ячыл уюм (БРУ) түзүлгөн. Ал 1965-ж. ок­тябрда К. коммунисттик партиясы (КПК) деп аталып, КПК БКнын 1-секретарлыгына Ф. Кас­тро Рус дайындалган. К. элинин рев-ячыл же­ңиштерин жок кылууга умтулган АКШ өкмөтү оппозициялык күчтү колдоп, К-га экон. тос­коолдуктарды жасап, аны менен дипл. мамиле­син үзгөн (1961). 1961-ж. 14-апрелде Ф. Кастро К. рев-ясын «социалисттик» деп жарыялаган. Кариб кризисин (1962) жөнгө салууда АКШ К-нын кол тийбестигине кепилдик бергени менен экон. басым көрсөтүүнү уланткан. Агр. 2-рефор­манын (1963-ж. октябрь) натыйжасында жеке менчик чарбалар кыскарып, ө. ж. ишканала­рын мамлекеттештирүү аяктаган (1968). Транс­порт жана энергетика өнүгүп, жаңы ө. ж. тар­мактары пайда болгон. 1975-ж. КПКнын 1-съез­ди өткөрүлүп, өлкөнүн негизги мыйзамы (1976) кабыл алынган. Элдик бийликтин улуттук ас­самблеясы (ЭБУА), Мамл. кеңеш жана Минис­трлер кеңеши түзүлгөн. Мамл. кеңештин, Улут­тук коргоо кеңешинин жана Министрлер кеңе­шинин төрагалыгына Ф. Кастро Рус дайындал­ган. К. өкмөтү 1960-жылдары Америкага каршы күрөшүп, Латын Америка, Африкадагы көтө­рүлүштөрдү жана улуттук-боштондук кыймылдар­ды колдогон. 1980-жылдардын башында К. эко­номикасы кризиске учураган. К. өкмөтү кризис­тен чыгуу үчүн реформаларды жүргүзүп, Конс­титуцияга өзгөртүүлөр киргизилген. 1993-ж. К. өк­мөтү АКШ долларын пайдаланууга жол берген. Дыйкандар, кооперативдер жана мамл. фермалар а. ч. продукцияларынын ашыгын эркин сатуу­га мүмкүнчүлүк алышкан. 1995-ж. сентябрда Улуттук ассамблея бекиткен «Чет элдик инвес­тициялар жөнүндө» мыйзам б-ча чарбанын бар­дык тармактарында чет мамл. капитал колдо­нула баштаган. 1994-ж. АКШ менен К-нын ортосун­дагы соода мамилелери жакшырып, бирок сая­сий чөйрөдө карама-каршылыктар жөнгө салын­ган эмес. 2002-ж. АКШ президенти Ж. Г. У. Буш К-га каршы санкцияларды оордоткон. Буга жооп катары К. өкмөтү 2004-ж. ноябрда расмий түрдө АКШ долларын К-га пайдаланууга тыюу сал­ган. 2006-ж. 31-июлда ден соолугуна байланыш­туу КПК БКнын 1-секретары, Мамл. кеңештин жана Министрлер кеңешинин төрагасы Ф. Каст­ро Рус кызматын иниси Р. Кастро Руска тап­шырган. 2005-ж. декабрда Барбадос а-нда Ка­риб мамлекеттеринин лидерлери жолугушуп, К. менен АКШнын ортосундагы чыр-чатакты чечүү жөнүндө маселени талкуулашкан. 2008-ж. 29-ок­тябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 63- сессиясында АКШнын К-га каршы экон., соода жана финансы блокадасын токтотуу жөнүндө маселе каралган. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын бул резолюциясына 185 мамлекет макул болуп, 3 мамлекет (АКШ, Израиль жана Палау) каршы чыккан. К. жетекчилеринин пикирлери б-ча АКШдагы президенттик шайлоодо Б. Обаманын жеңиши эки өлкөнүн ортосунда диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Чарбасы

. СССР жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен экон. байланышы үзүлүп, экспорттук негизги продукция болгон кант нефтиге жана нефть про­дукцияларына алмашылбай калгандыктан, өлкөнүн экономикасы кризистик абалга жеткен. 2000-жылдардын ортосунда өлкөнүн экономи­касынын негизин чет өлкөлүк туризм жана ни­кель өндүрүшү түздү. Келечекте жогорку техно­логиядагы жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү био­технол., фармацевтикалык тармактар менен бай­ланыштуу; Латын Америкасындагы жана Кариб деңизинин алабындагы өлкөлөр менен байланыш­тар кеңейүүдө. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу өлкөнүн негизги экон. саясаты бойдон калууда; чет өлкөлүк (негизинен канадалык, кытайлык, венесуэлалык, батыш европалык) капитал катышкан 250дөй биргелешкен ишка­на жана экон. ассоциация, 1997-жылдан борб. ре­гиондо 3 эркин экон. зона иштейт. ИДПнин көлөмү 52,7 млрд песо (2007). Адамзат өнүгүү­сүнүн индекси 0,860 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичи­нен 51-орунда; 2007). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (а. и. курулуш, транс­порт, байланыш) 69,3%, ө. ж-ныкы 26,1%, айыл, токой чарбаларыныкы жана балык уулоо­нуку 4,6%. Калктын реалдуу кирешеси өтө тө­мөн; чет өлкөлөрдө жашаган кубалыктардын финансылык жардамынын (жылына 1 млрд дол­лар) мааниси зор.
Ө. ж. продукциясынын өсүүсү 2,5% (2007).
Никель жана өнүгүп бараткан нефть өндүрүү ө. ж. тармактарынын, о. эле тамак-аш ө. ж-нын экспортко багытталган айрым өндүрүштөрүнүн (кант, ром, тамеки, мөмө-жемиш жана балык консерваларын чыгаруу) мааниси зор. 2007-ж. 3,5 млн т нефть өндүрүлгөн; негизги аймактары: Мексика булуңунун жээги, Кабайгуан ш-нан чы­гыш тарапта. Нефть менен кошо газ да (2007-ж. 1085 млн м3) өндүрүлөт. Бул тармакты жана өлкөнүн жалпы чарбасын өнүктүрүү келечеги Мексика булуңунун жээгиндеги зонага жана өлкөнүн батышына байланыштырылат. Жал­пы кубаттуулугу 130 миң баррель/сутка бол­гон нефть ажыратуучу 4 завод иштейт. Нефти­ни негизинен Венесуэладан алат. Электр стан­цияларынын аныкталган кубаттуулугу 4,5 миң мВт (2005). 2006-ж. 16,5 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын 75,6%тейи нефть менен иштеген ЖЭСтен, 13,5%и газ турбиналуу ЖЭСтен, 10%и альтернативалуу булактардан, 0,9%и ГЭСтен өндүрүлөт.

Моа шаарындагы никель комбинаты.

Кара металлургиясы кара металл сыныкта­рын (анын кыйла бөлүгүн сырттан алат) жана бир аз өз сырьёсун (2006-ж. 7,8 миң т темир кен­ташы казылып алынган) пайдаланат. Болот прокат жана металл конструкциялары Кариб де­ңизиндеги өлкөлөргө экспорттолот. Түстүү ме­таллургияда валютанын негизги булагы болгон никель ө. ж-нын мааниси зор. Никелдүү кон­центраттарды өндүрүү (73,3 миң т) б-ча К. 6-орун­ду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 16%и).Никель

сырьёсу казылып алынуучу негизги аймак – Ольгин провинциясы. Үч ири никель комбина­ты иштейт (Пунта-Горда-Абахо, Мао, Никаро­до). Хромит, кобальт Ольгин провинциясында (жылына 3 миң тдан), алтын Пинар-дель-Рио провинциясында (жылына 500 кгдай) казылып алынат. Машина куруу ө. ж. айыл чарба жана автомобиль техникасын тейлөөгө, о. эле түрдүү тетиктерди даярдоого багытталган. Заводдору Ольгин, Гавана, Матансас ш-нда жайгашкан. Гаванада түстүү телевизор кураштыруучу з-д, Сан­тьяго-де-Кубада мед. жабдуу чыгаруучу ишка­налар, Санта-Клара ш-нда тиричилик техника­лар з-ду, порт шаарларда кеме ремонттоочу иш­каналар иштейт. Фармацевтика ө. ж. – К. ин­дустриясынын жогорку технол. жана илим сы­йымдуу артыкчылыктуу тармактарынын бири; ал түрдүү медикаменттерди, о. эле офтальмоло­гия жана стомотология үчүн приборлорду чыга­рат (анын чордону – Гавана ш.). К. фармацев­тикалык жана биотехнол. тармактардын продук­цияларын 40тан ашык өлкөгө экспорттойт. Химия ө. ж. о. эле фосфор жана азот жер семирт­кичтерин, сорбитол, кир жуугуч каражаттарды чыгарат. Курулуш материалдар ө. ж. өз сырьё- су (табигый мрамор, цемент) менен иштейт. Азык­түлүк импортко караганда көбүрөөк экспортто­лот; негизгилери – кант менен ром. Чийки кант­тын негизги бөлүгү (80%тен ашыгы) Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. 2007-ж. 83,4 млн л ром даярдалган; анын 60%и экспорттолот, 20%тейин туристтер алып кетет. Ромдун 34 соода маркасы расмий катталган. Тамеки – К-нын дүйнөгө белгилүү экспорттук товары. 2007-ж. 411,9 млн даана сигара, 13,8 млрд даана сига­рета чыгарылган. К. сигарасынын негизги кар­дарлары: Испания, Франция. Мөмө-жемиш, жа­шылча консерваларын, шире, сүт азыктарын, суусундук, пиво, кофе чыгаруучу ишканалары бар.
Өлкөнүн а. ч. ишканалары калктын этке (уй, чочко, куш этине), жумурткага, күрүчкө, жүгө­рүгө, буурчакка, мөмө-жемиш жана жашылчага болгон муктаждыгын канааттандырат. Сырттан буудай (100%), арпа, сулуу, жашылчанын ай­рым түрлөрүн, о. эле кургак сүт, соя концентра­тын алат. А. ч-га жарактуу жери 6629,6 миң га (2006), анын 3124,3 миң гасы (а. ч-га жарактуу жердин 47,1%и) иштетилет, калганы (52,9%и) шалбаа жана жайыт. Бал камыш 1260,1 миң га, цит­рус ж. б. мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 169,2 миң га, банан 104,2 миң га, тамеки 65,2 миң га, шалы

Санкти-Спиритус провинциясындагы бал камыш плантациясы.

180,4 миң га жерди ээлейт. Экспорттук негизги

өсүмдүктөрү: бал камыш, цитрус, ананас, кофе, тамеки, какао; керектелүүчү маанилүү өсүмдүк­төр: шалы, банан, буурчак, мөмө тамырлуу өсүмдүктөр. Мал чарбасынын башкы тармагы – эт багытындагы уй чарбасы. 2006-ж. 3,74 млн уй, 1,76 млн чочко, 3,93 млн кой жана эчки, 29,85 үй кушу, 0,48 млн жылкы болгон; 54,8 миң т балык жана деңиз продуктулары, 5,8 миң т кре­ветка кармалган. К. – бал (жылына 5 миң тга жакын) экспорттоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө.
Туризм – Куба экономикасынын алдынкы сек­торлорунун бири, андан түшкөн валютанын өлчөмү 2 млрд евродон ашык (2006). 2006-ж. К-га 2,2 млн турист келген; анын 54,2%и Түн. жана Түш. Америкадан, 43%и Европадан келген­дер. Мейманкана инфраструктурасы, деңиздик ден соолукту чыңдоо (пляжда эс алуу), спорт­тук (суу астында сүзүү, балык уулоо, яхтачы-

Пинар-дель-Рио провинциясындагы жаңы мал чарба комплекси.

ларды тейлөө, деңиз саякаты ж. б.) туризми

өнүккөн.
Транспорттун негизги түрлөрү – автомобиль жана темир жолдору. Автомобиль жолунун жал­пы уз. 63,2 миң км, анын 11,5 кми улуттук маа­ниде. Негизги автомобиль магистралы – Борб. шоссе (уз. 1140 км, өлкөнүн борб. бөлүгүн кесип өтөт), ага жарыш улуттук автострада курулуу­да (2009; долбоорлонгон уз. 1020 км). Т. ж-нун уз. 7182 км; Транскуба т. ж. магистралы (Гуа­не – Гавана – Санта-Клара – Камагуэй – Гуан­танамо; уз. 900 км) өлкөнүн түндүгү менен түштү­гүндөгү негизги экон. борборлорду туташтырат.
Өлкөнүн деңиз соода флотуна 33 кеме таандык; 35 деңиз порту бар. Ири порттору: Гавана, Сан­тьяго-де-Куба, Матансас, Сьенфуэгос, Нуэвитас. Эл аралык маанидеги аэропорттору: Хосе Мар­ти (өлкөдөгү эң ириси, Гаванада), Хуан Гуаль­берто Гомес (Варадеро), Хайме Гонсалес (Сьен­фуэгос), Виталио Акунья (Кайо-Ларго), Франк Паис (Ольгин) ж. б. Сырткы соода айлануусунун көлөмү 13,8 млрд доллар, анын 3,4 млрд доллары экспортко, 10,08 млрд доллары импортко таандык (2007). Экспорттун товардык структурасынын наркы­нын 56,7%и никелдүү концентраттарга, 6,4%и тамекиге, 5,5%и кант ө. ж. продукциясына, 2,2%и балыкка жана деңизден алынуучу азык­тарга туура келет, импорттун товардык струк­турасында машина жана жабдуулар, нефть жана химия ө. ж. продукциялары, компьютер, оргтех­ника, азык-түлүк (дан жана ун кошо), текстиль жана булгаары-бут кийим басымдуулук кылат. Негизги соода шериктештери: Венесуэла, Кы­тай, Испания, Канада, Нидерланд, Германия, Россия.

Билим берүү

системасы 2ден 5 жашка чейин­ки балдарды мектепке чейинки тарбиялоону,
Куба акчасы – песо.

милдеттүү 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык не­гизги (толук эмес), 3 жылдык толук орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Толук эмес орто мектептин базасында кесиптик-тех. окуу жайлар жана тармактык (матем., пед., спорт ж. б.) мектептер иштейт. Окуу билим берүүнүн бар­дык баскычтарында акысыз. Өлкөдө 9 миңден ашуун башталгыч, 2 миңдей толук эмес орто, 371 толук орто мектеби, 568 атайын тех. окуу жайлар, 60тан ашык ЖОЖ, 3 миңден ашуун ун-ттик борборлору бар (2007). Калктын сабат­туулугу 99,8%и түзөт (2006). Башкы ил. меке­мелери (Куба ИА жана анын ин-ттары), ЖОЖдо­ру, китепканалары, ири музейлери Гавана, Ка­магуэй ж. б. ш-нда жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары

. Жалпы эл­дик гезиттери: «Гранма» (450 миң нускада күн сайын чыгат, «Хувентуд ребельде», «Ванугар­дия», «Сьерра Маэстро», журналдары: «Боэмия», «Куба» ж. б. Ар бир провинция жерг. өз гезит­тери бар. Басылмалардын көбү испан тилинде чыгат. Радиоуктуруусу 1922-жылдан, теле­көрсөтүүсү 1950-жылдан иштейт. Мамл. маалы­мат агенттиги – AlN (1974). Гаванада латын­амер. Пренса Латина (PL, 1959) маалымат аген­ттигинин штаб-квартирасы жайгашкан.

Адабияты

. К. ад-ты испан тилинде өнүгүүдө. К. ад-тындагы эң алгачкы чыгарма – С. Де Баль­боанын «Чыдамкайлар зерцалосу» (1608) поэма­сы. 18-к-дагы көрүнүктүү чыгармалар – С. Пит­тин «Бакчачы-принц, же анткор Клоридано» (1733), Х. А. Кабалеронун публицистикалары, М. де Секейр-и-Аранго менен М. Х. де Рубалька­ванын ырлары. Х. М. Ф. Де Арратенин «Жаңы дүйнөнүн ачкычы, Батыш Индия форпосту» (1761) деген тарыхый-хроникасы белгилүү бол­гон. 19-к-дын башында публицистика Агартуу багытында өнүккөн (Ф. Варела, Х. А. Сако, Х. де ла Лус-и-Кабальеро). К. ад-тында роман­тизмдин башталышы Х. М. Эредианын чыг-лы­гына байланыштуу. К. ад-ты колониализмге кар­шы боштондук кыймылдын таасиринде өөрчү­гөн (Д. Дельмонте-и-Апонте, Г. де ла К. Валь­дес, Ф. Поведа-и-Арментерос, Х. Ф. Мансано, Х. Х. Миланес, Ф. Танко). 19-к-дын 2-жары­мында Х. Мартинин чыг-лыгы көрүнүктүү орун ээлейт. Ал рев-ячыл демокр. мазмундагы чы­гармалары менен К. ад-тында реализмге негиз сал­ган. 1830–40-жылдары социалдык мотивдеги Х. Гомес де Авеляньеддин «Саб» (1841), «Сеси­лия Вальдес» (1882), С. Вильяверденин «Таш ба­канын жону» (1845) романдары жаралган. 1840– 50-жылдары Х. А. Кинтеро, М. Теурбе Толон, Л. Турла, П. Сантасилиа, А. Акоста, Ф. Пичар­до Мойя, Р. Педросо, М. Навваро Луна сыяктуу эмиграцияга кеткен акындар АКШ имперализ­мине каршы багыттагы чыгармаларды жазыш­кан. 19-к-дын ортосунда прозада костумбризм калыптанган [Г. Бетанкур Сиснерос (Лугареньо), Р. де Пальма, Х. Бетанкур, Х. М. де Карденас­и-Родригес, Х. В. Бетанкур, А. Суарес-и-Роме­ро, Б. Х. Креспо-и-Борбон ж. б.]. Эмиграцияга кеткен акындардын ичинде дүйнөгө аты белги­лүү Н. Гильен болгон. Ал эмиграцияда жүрүп «Жер бийлиги» (1949), «Жоголгон издер» (1953), мекенине келип, «Агартуу доору» (1962) деген романдарды жазган. А. Карпентьердин чыгарма­лары Латын Америка ад-тында белгилүү орун ээлейт. 20-к-дагы белгилүү акындар: Н. Гильен, Ф. Хамис, Р. Фернандес Ретамар, А. Альварес Бараганьо, Э. Диего: жазуучулар: Х. Соле Пуиг, М. Кофиньо, Лопес, Л. Отеро, Г. Эгурен, Х. Тра­вьесо, Э. Падиль, С. Сардуй ж. б.

Архитектура жана сүрөт искусствосу

. Коло­ниялык мезгилде (16–17-к.) К-да деңиз жээгин­деги шаарлар курула баштаган (Гавана, Трини­дад, Баямо). 1589-ж. Гаванада алгачкы Ла-Ре­аль-Фуэрса чеби курулуп бүткөн. 16–18-к-дарда Гавана, Сантьяго-де-Куба, Тринидад ш-лары ба­рокко жана классицизм стилинде курулган. Га­вана ж. б. шаарларда арх-ралык ансамблдер пайда боло баштаган: Капитанес-Хенералес са­райы (1776–92, архитекторлор П. Де Медина, С. Аварка, А. Фернандес Тревехос) жана Сегундо- Кабо сарайы (1770–92, Фернандес Тревехос), Гавана собору (1748–89, де Медина жана Фернан­дес Тревехос). 17–18-к-да таштан же жыгачтан

Сантиссима-Тринидад (Ыйык Троица) кафедралык собору. 19-к. Тринидад.

салынып, түркүктүү же колонналуу аркалар га­лереясы менен курчалган ички короосу бар 1–3

кабат үйлөрдүн тиби пайда болгон. Үстү черепи­ца менен жабылып, сырты ар түрдүү түскө боёл­гон. 19-к-дын ортосунан Гавана жаңыдан план­даштырылган, жашылдандырылган, класси­цизм духундагы үйлөр монументтер пайда бол­гон. 19-к-дын аягында необарокко (Гаванадагы «Гран театро», 1908–15), неоренессанс о. эле маври­тан салтындагы (Сьенфуэгостогу дель-Валье са­райы, 1910) имараттар курулган. 19–20-к-дын модерн стилиндеги курулуштар салынган. 1902- жылдан кийин көркөм чыг-лык бардык тарап­тан өнүккөн. Борбордо банктар, мейманкана­лар; Гаванада ири комплекстер курулган: Фи-

«Гран театро». Гавана.

нансы арбитражынын имараты (1951–54, арх. А. Капабланка), стоматол. (1952–54) жана мед. (1956–58) борборлор (арх. А. Кинтана ж. б.) ж. б.

1959-жылдан кийин пландуу курулуш кучак жайып, темир-бетондон ири турак жай район­дору курулган. 1960-жылдары Санта-Кларада («Сьенфуэгос» комплекси), Сантьяго-де-Кубада, Камагуэйде турак үйлөр, мектеп-интернаттар, ме­дицина борборлору) курулуп, жаңы типтеги айыл-кыштактар салынып, жаңы ө. ж. арх-расы пайда болгон Санта-Клара, Хибара, Гаванада). Куба ИАнын борбору (1966) жана Улуттук иск-во мектебинин комплекси (1963) арх-ралык чечими менен өзгөчөлөнөт (экөө тең Гаванада). Колония­лык мезгилде живописте алтарга куюлуучу сүрөт жана портрет, о. эле гравюра өнүккөн. 1818-ж. Гаванада Сан-Алехандро көркөм иск-во мекте­би түзүлгөн (1832-жылдан академия). Анын би­ринчи президенти фр. сүрөтчү Ж. Б. Вермей ампир салт портреттерди тарткан. Сан-Алехан­дро Академиясында К-нын алдынкы катарда­гы живописчилери окушкан, алардын көпчүлүгү Европага барууга стипендия алышкан. 19-к-да башкы жанр – портрет жана пейзаж болгон. Кө­рүнүктүү пейзажисттер (Э. Чартранд, Ф. Фер­нандес Кавада, Г. Клиневерк) К. жаратылышы­нын поэтикалык образын жаратууга умтулуш­кан. Графиктер В. П. Де Ландалусе, Ф. Миале чыгармаларында заманбап коом турмушун ча­гылдырышкан. Испан эзүүсүнөн бошогондон ки­йин тарыхый жана баталдык патриоттук карти­на (А. Менокаль), реалистчил жанрдык живопись (Л. Романьяч, Р. Лой), реалисттик скульптура (Х. Х. Сикре, Т. Рамос Бланко, Э. Бетанкур) өнүгө баштаган. 1920-жылдары жаңычыл жи­вописчилер эл турмушун эмоциялуу, нукуралы­гы менен чагылдырышкан. 1930-жылдардын ор­тосунан живописчилер А. Пелаес, Марьяно, М. Карреньо, скульптор Д. Ревенет фольклорго каныккан жасалга композицияларын жара­тышкан. Арх. Э. Родригес Кастелье, А. Кинта­на, А. Капабланка имарат курулушуна жасал­га живописин, скульптураны айкалыштырып, К. арх-расынын жаңы стилин түзгөн. Рев-ядан кийин (1959) К-да көркөм турмуш жанданган. Плакат, карикатура, журнал жана китеп графи­касы өнүккөн. К. сүрөтчүлөрүнүн чыг-лыгында 20-к-дагы бардык ири агымдар – абстракцио­низмден поп-артка жана фотореализмге чейин пайда болгон. Белгилүү сүрөтчүлөрү: С. Кабрера Морено, Р. Мартинес, Т. Санчес Рекейро ж. б. Гаванада сүрөтчүлөр биенналеси өтүп турат.

Музыкасы

. К-нын элдик музыкасы испан жана африка музыкасынын негизинде калыптанган. Африка-куба музыкасынын байыркы ыр-бий формасы – сон, гуарача, конга, кийинкиси – дансон, румба. О. эле креоль формасы пунто, гуахира, криолья (негизинен дыйкандар арасын­да) жана негр музыкасы (диний ырым-жырым­дарга) тараган. 16–18-к-да профессионал музы­канын очогу – чиркөөлөрдүн ыр мектептери бол­гон. К-дагы алгачкы музыканттардын бири – Сантьяго ш. кафедралык собордун органисти М. Веласкес болгон. 1776-ж. Гаванада театр ку­рулуп, 1814-ж. муз. мектеп, 1816-ж. улуттук кадрларды даярдоочу «Санта-Сесилия» муз. ака­демиясы ачылган. Г. Вильятенин романтика­лык опералары Парижде («Цилия», 1877), Гаа­гада («Ханыша»), Мадридде («Валтасар», 1885) коюлган. 19-к-дын ортосунда М. Саумель-и-Роб­редо, кийинчерээк И. Сервантес Каванаг улут­тук композитордук мектепке негиз салышкан.
Вокалдык жанрлар – кансьон, болеро, виеджа трова белгилүү болгон. Кийинки муундагы ком­позиторлор – Э. Санчес де Фуентес («Юмури» – улуттук сюжетте жазылган биринчи куба опе­расы, 1898, Гавана), Х. Мари Эстеве («Күң», 1921, Гавана). 1920-ж. Гавана филармониясынын ор­кестри түзүлгөн. 1920–30-жылдарда сарсуэла өнүгүп белгилүү сарсуэлалардын авторлору – Г. Ройг, Э. Локуона, Ж. Пратс. Муз. мад-ттын жаңы өнүгүү мезгили 1959-ж. башталган. 1960- жылдардын аягында салттык жана рок, жаз му­зыкаларынын негизинде «нуэва трова» (Куба рев-ясынын музыкасы) калыптанган. 1970-жыл­дары куба авангарддык агымы түзүлө баштаган, анын өкүлдөрү – Э. Ангуло, Х. Берроа, Х. Блан­ко, Л. Брауэр, Р. Валера, К. Фариньяс ж. б. композиторлор. Гаванадагы «Гран театродо» (1838), лирикалык театрда (1962), Камагуэйде­ги «Театро принципаль» (1849) театрларында опералар жана балеттер коюлат. Гаванада Улут­тук симф. оркестр (1960), Улуттук фольклор­дук ансамбль (1962), Улуттук хор (1959), Электр­акустикалык музыканын улуттук лаборатория­сы (1977), консерватория (1903, азыркы А. Роль­дан атн.), Иск-во ин-туту (1976) иштейт. К. му­зыка ин-туту (1989) эл аралык фестивалдарды (элдик, жаз, хор, электрондук музыка, гитари­сттердин) өткөрүп турат.

Театры

. К. театр иск-восу испан мад-тынын таасиринде өнүккөн. Театрдын өзөгүн испан жана африка элдик театр оюндарынын үлгүлөрү түзгөн. Колония мезгилде Гаванадагы менчик үйлөрдө испан авторлорунун диний ырым-жы­рым оюндары көрсөтүлгөн. 1733-ж. биринчи кубалык автор С. Питтин «Ханзаада – багбан же анткор Клоридано» комедиясы коюлган. 1776-ж. Гаванада биринчи «Колисео» (1803- жылдан «Театро Приципаль») театры ачылып, анда опера жана тонадилья менен кошо испан дра­матургдарынын пьесалары коюлган. Актёр дра­матург Ф. Коваррубиас (19-к-дын башы) улут­тук театрдын негиздөөчүсү болгон. 1838-ж. Га­ванада «Такона» театры ачылган. Анда драма, опера жана балет спектаклдери коюлган. Кийин Сантьяго-де-Кубада «Театр де ла Рейна» (1850), Камагуэйде «Театро Принсипаль» (1849), Ма­тансаса «Эстеван» (кийин «Сауто») Гаванада «Альгамбра» (1890) ж. б. театрлар негизделген. 1910-ж. «Театр коому», 1941-ж. драма өнөрү академиясы уюшулган. 1936-жылдан Гаванада «Куэва» театры иштейт. Демокр. улуттук театр өнөрү 1959-жылкы рев-я жеңгенден кийин гана өнүгө баштаган. 1950-жылдарда шаардык «Биз­дин заман» (К. С. Станиславский театрынын эстетикасы менен иштеген) жана «Эстудио» (Б. Брехт­тин «Сезуандык боорукер адам» драмасы б-ча спектакль менен ачылган) театрлары белгилүү болгон 1960-ж. Гаванада Улуттук театр түзүлгөн. Камагуэйде драма (1960), Пиналь де-Риодогу М. Горький атн. (1961), «Ориентир» драма (1961) труппалары 1970-жылдарда иштерин токтоткон. Улуттук куурчак театры (1963), Театр үйү иш­тейт. Жетектөөчү өңүткө «Эскамбрай» театры ээ болгон, реж. С. Корьери кубалык драматург­дардын бир актылуу пьесаларынан баштап, 1980–90-жылдарда У. Шекспир, Мольер, Ф. Гар­сиа Лорканын чыгармаларын репертуарга кир­гизген. Көрүнүктүү театр ишмерлери: В. Реву­эльта, Р. Ревуэльта, М. Асаведо ж. б. болгон. 1980-жылдан Гаванада эл аралык театр фести­валы өтүп турат.

Киносу

. 1897-ж. К-да хроникалык жана до­кументалдык фильмдер тартыла баштаган. 1897-ж. франц. оператор Г. Вейре биринчи ку­балык «Өрттү өчүрүү» (бир мүнөттүк) хроника­лык-даректүү фильмин тарткан. Х. Касасустун биринчи кубалык даректүү жана жарнамалык тасмасы («Жоголгон сыйкырчы», 1898) чыккан. 1910-ж. Э. Д. Кеседа «Хуан Хосе», 1920-ж. Р. Пеон «Чындык» фильмин тарткан. 1930– 40-жылдарда К-да көбүнчө АКШнын фильм­дери көрсөтүлгөн. Улуттук кино өнөрү 1959- жылдан калыптана баштаган. Т. Г. Алеанын 1961-ж. «Революция жөнүндө баян», реж. Х. Г. Эспиносанын «Жаш көтөрүлүшчү» (1962-ж., Карлови-Вари ЭКФтин сыйлыгы) фильмдери рев-яга арналган. Испан эзүүсүнө каршы М. Актавио Гомес «Биринчи чабуул со­бор тараптан» (1969), К. аялдарынын тагдыры жөнүндө У. Солас «Люсия» (1970) көркөм фильмде­рин тарткан. 1970–80-жылдары аялдардын көз карандысыздыгына арналган: «Тересанын порт­рети» (П. Вега, 1979), «Белгилүү даражага че­йин» (Гутьеррес Алеа, 1984), «Башка аял» (Д. Диаса Торреса, 1987) ж. б. фильмдер тар­тылган. 1980-жылдары экранга жаңы муунда­гы режиссёрлордун кинотасмалары чыккан: «Алмашуу» (Х. К. Табио, 1984), «Давид үчүн ко­лукту» (О. Рохас, 1985), «Алма сабагынан алыс түшпөйт» (Л. Ф. Бернас, 1985) ж. б. 1990-жыл­дары Гутьерреса Алеанын «Кулпунай жана шо­колад» (Берлин, ЭКФ сыйл., 1993) фильми чет өлкөдө белгилүү болгон. 20–21-к-дын чегинде реж. А. Сотто («Тике сүйүү», 1997; «Айыпсыз түн», 2007), Х. К. Кремата («Вива – Куба», «Ки­чинекей качкындар»; Канндагы ЭКФ сыйл., 2005). К-нын анимациялык киного Х. Падрон, Т. Рагги, М. Ривас чоң салым кошкон. Гавана­да 1959-ж. Кино өнөр жай жана кино искусство ин-ту түзүлгөн. 1979-ж. жыл сайын латын амер. жаңы кинолордун фестивалы өтүп турат.


Ад.: Нуньес Хименес А. География Кубы. М., 1960; Давитая Ф. Ф., Трусов И. И. Климатические ресурсы Кубы и их использование в народном хозяйстве. Тб., 1966; Карпентьер А. Музыка Кубы. М., 1962; Национальный атлас Кубы. Гавана, 1970; Пичу­гин П. А. Краткий очерк истории кубинской му­зыки//Музыкальная культура стран Латинской Америки. М., 1974; Культура Кубы. М., 1979; Тана­наева Л. И. Очерки Кубинского искусства 16–20- веков. М., 2001; Давыдов В. М. Современная Куба: вопросы экономической адаптации и переориентация внешних связей. М., 2002.