КУБА
КУ́БА , К у б а Р е с п у б л и к а с ы – Латын Америкасындагы мамлекет, аймагынын аянты жана калкынын саны б-ча Кариб деңизинин алабындагы эң ири өлкө. Куба, Хувентуд ж. б. Чоң Антил а-ндагы 1600дөн ашык аралдар тобунда (Лос-Колорадос, Сабана, Камагуэй, Хардинес-дела Рейна, Лос-Канарреос архипелагдарында, Сан-Фелипе ж. б. аралдарда) жайгашкан. Чыгышында Атлантика океаны, түштүгүндө Кариб деңизи менен чулганат. Түн. Америкадан баты-

шында Юкатан, түндүгүндө Флорида кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 110,88 миң км2.
Калкы 11,45 млн (2009). Борбору – Гавана. Расмий тили – испан тили. Акча бирдиги – песо.
Адм.-айм. жактан 169 муниципияга бөлүнгөн 14 провинциядан турат; а. и. Хувентуд а. борборго баш ийген атайын муниципия болуп саналат (к. таблицаны).
К. – БУУнун (1945), Бейтараптык кыймылынын (1961), «77 тобунун» (1964), Кариб өлкөлөрү уюмунун (1994), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму-
| Аянты,
км2 |
Калкы миң | Адм. борбору | |
| Провинция Вилья-Клара | 8,41 | 809,2 | Санта-Клара |
| Гавана | 5,73 | 740,0 | Гавана |
| Гавана шаары | 0,72 | 2156,6 | Гавана |
| Гранма | 8,37 | 833,6 | Баямо |
| Гуантанамо | 6,17 | 511,1 | Гуантанамо |
| Камагуэй | 15,62 | 783,4 | Камагуэй |
| Лас-Тунас | 6,59 | 533,1 | Лас-Тунас |
| Матансас | 11,80 | 684,3 | Матансас |
| Ольгин | 9,29 | 1035,7 | Ольгин |
| Пинар-дель-Рио | 10,90 | 731,2 | Пинар-дель-Рио |
| Санкти-Спиритус | 6,74 | 464,2 | Санкти-Спи-ритус |
| Сантьяго-де-Куба | 6,16 | 1044,7 | Сантьяго-де-Куба |
| Сьего-де-Авила | 6,78 | 421,0 | Сьего-де-Авила |
| Сьенфуэгос | 4,8 | 402,1 | Сьенфуэгос |
| Атайынмуниципия Хувентуд аралы | 2,42 | 86,5 | Нуэва-Херона |
нун (1995), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1999), «Биздин Американын элдеринин Боливар альтернативасынын» (2004), «Рио тобунун» (2008) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. К-нын Конституциясы 1976-ж. 15-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – соц. республика. Мамл. бийликтин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Элдик бийликтин улуттук ассамблеясы), 609 депутаттан турат, 5 жылга шайланат. Ал Мамл. кеңешти (31 депутат) түзөт. Мамл. кеңештин төрагасы мамлекетти жана өкмөттү жетектейт. Аткаруу жана адм. бийликтин жогорку органы – Министрлер кеңеши. Саясий партиясы – Куба Коммунисттик партиясы.
Табияты
. Жээк сызыгынын жалпы уз. 3735 км,
өтө тилмеленген (айрыкча Кариб деңизинин аралдары), 200гө жакын булуң-буйтка бар; ирилери: Батабано, Ана-Мария, Гуаканаябо. Мангр токойлуу жээктери арбын. Айрым аралдарынын
жээктеринен 20–200 м аралыкта коралл (шуру)
курулуштары кеңири таралган. Рельефи негизинен түздүктүү; Куба а-нын чет-жакасын, Пинос а-нын түштүгүн ж. б. жерлерин деңиздик аккумуляциялык жана абразия-аккумуляциялык, айрым жерлерин тектирлүү түздүктөр ээлейт. Өлкөнүн ички аймактарына дельта, эрозия-аккумуляциялык жана денудациялык түздүктөр мүнөздүү. Дөңсөөлөр жана тоолор К-нын айгүндө терең тилмеленген Гуамуая массиви (бийикт. 1156 мге чейин, Сан-Хуан чокусу) жайгашкан. Бийик тоолору өлкөнүн түш.-чыгыш
чет-жакасынан орун алган. К-нын эң бийик жери – өтө тилмеленген Сьерра-Маэстра тоосу
(1974 м, Туркино чокусу) түштүктү жээктей созулуп жатат.
К. Антил-Кариб тектон. аймагынын Антил а. догосунун сегментинде жайгашкан. К-нын маанилүү кен байлыктары – никель жана кобальт
кенташтары; кобальт кенташынын запасы б-ча дүйнөдө Конго Демокр. Респ-нан кийинки 2-, никель кенташыныкы б-ча Жаңы Каледония жана Австралиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Башка негизги кен байлыктары: жез, марганец, хромит, каолин, темир, нефть, алтын, курулуш материалдары ж. б.
К. тропиктик климаттык алкакта жайгашкан, кышында түн.-чыгыш, жайында чыгыштүн.-чыгыш пассаттарынын таасири тиет. Климаты мелүүн нымдуу, айрым жерлеринде (негизинен Куба а-нын түш.-чыгыш бөлүгүндө) мелүүн кургакчыл. Өлкөнүн климатына Гольфстрим жылуу агымы зор таасирин тийгизет, анын 2 тармагы К-нын бүт аймагын жыл бою чулгап агат, ошондуктан өлкөнү чулгап турган суунун
бетинин темп-расы кышында 26–27°С, жайында 28–30°С. Январдын орт. темп-расы 20–22°С, июлдуку 27–29°С. Эң төмөнкү темп-ра түндүктөн
кирген муздак аба массасына байланыштуу, ал 5°Сден төмөндөбөйт; эң жогорку темп-ра 40°Сге
чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 1000–1200 мм, тоолордо 2200 ммге чейин. -

Дарыялары кыска жана суусу аз. Эң ириси – Кау то д. (уз. 370 км) Сьерра-Маэстра тоосунан башталат. Дарыялары негизинен жамгыр сууларынан куралат. Агымынын 80%ке жакыны күзгө туура келет. Нуктары босоголуу. Карсттуу аймактарда жоголуп кеткен жана жер астындагы агын суулар кездешет.
Колониялаштырууга чейин К-нын аймагынын 50%тен ашык аянты токой менен капталган, азыр ал 10%ти гана ээлейт. Токой негизинен тоолордо жана саздак жерлерде сакталган. Түздүктөрдүн жана тоо капталдарынын этектеринин кызыл жана кызыл-күрөң топурактарында жалбыра Кубанын борбордук бөлүгүнө мүнөздүү түздүктүү (король пальмалуу) ландшафт.

күбүлмө жана дайыма жашыл түрлөргө бай (а. и. король жана кана пальмасы) тропик токою өсөт. Батышындагы (Пинар-дель-Рио провинциясында) жана чыгышындагы (Нипе-Баракоа массивинде), Пинос а-ндагы кургакчылыраак жана таштак топурактарында кызыл карагайлуу токойлордун ири массивдери кездешет. Айрым жерлерин (Кауто д-нын алабы) кылкандуу саванна тибиндеги өсүмдүктөр ээлейт. Түш.-чыгыш жээктерине жана айрым башка жерлерге кактус, агава аралаш өскөн тикендүү майда жалбырактуу бадалдар жамааттыгы мүнөздүү. Аймакты өздөштүрүү процессинде негизинен түздүктөрдүн токою кыйылып кеткен. Токойду тазалоодо дарактардын айрымдары, а. и. король пальмасы сакталып калган, ошондуктан түздүктөрдүн азыркы ландшафты пальмалуу саваннаны элестетет. Король пальмасынын сүрөтү өлкөнүн улуттук гербинде тартылган. Түздүктүү жээктерине мангр токою мүнөздүү. К-нын флорасынын 50%тен ашыгы эндемиктер.
Антропогендик таасирден (токойдун кыйылып
кетиши, алардын ордун тамеки, бал камыш плантацияларынын, маданий жайыттардын ээлеши ж. б.) К-нын табигый ландшафты кыйла жапа чеккен. Токойду калыбына келтирүү б-ча ургаалдуу чаралар көрүлүүдө. Өлкөнүн уникалдуу экосистемасын сактоо максатында коргоого алынган аймактардын тармагы уюшулган. Уникалдуу деңиз фаунасын сактоо үчүн Куба а-нын тегерегиндеги аралдар жана коррал (шуру) рифтери бүт резерват деп жарыяланган. Варадеро, Сьерра-Маэстра улуттук парктары, Баияде-Наранхо, Ла-Менсура табият парктары, Эль- Кабо, Купеяль коруктары, Хувентуд а-ндагы Сан-Фелипе коругу жана Пунта-Франсэс деңиз паркы уюшулган. Коргоого алынган 6 аймак ЮНЕСКОнун биосфералык резерваты статусуна ээ. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Александр Гумбольдт, Гранма, Виньялес өрөөнү улуттук парктары кирген.
Калкы
. Калкынын көбүн кубалыктар түзөт. О. эле гаитиликтер, кытайлар, инди-пакистандыктар, орустар ж. б. жашайт. 20-к-да калктын саны 7 эсе өскөн (1899-ж. 1572 миң; 1980-ж. 9638 миң). Төрөлүү кыскарууда (1965-ж. 1000 адамга 34,3 бала; 2007-ж. 10,0 бала); өлүм-житим туруктуу (2007-ж. 1000 адамга 7,3). 1980-жылдардан калктын курактык структурасында 15 жашка чейинки балдардын саны кыйла кыскарган (1981-ж. 30,3%; 2007-ж. 18,4%), 60 жана андан улуу курактагылардын саны өскөн (1981-ж. 10,9%; 2007-ж. 15,9%). Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 77,97 жыл (эркектердики – 76,0, аялдардыкы – 80,02 жыл). 100 аялга 100,3 эркек туура келет. Калктын миграциясы 2000-жылдардан туруктуу (2007-ж. 1000 адамга 2,9). Башка өлкөлөрдө (негизинен АКШда) 1,3 млндон ашык кубалык жашайт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 37,4 адам туура келет. Эң жыш жайгашкан жерлери: Гавана жана ага чектеш жерлер (Гавана шаары провинциясынын калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерде 2995,3 адам, Гавананыкы 129,1 адам), өлкөнүн чыгыш бөлүгү (Сантьяго-де-Куба провинциясында 169,6 адам, Ольгин провинциясында 111,5 адам). Калк сейрек отурукташкан жерлери: Хувентуд а. (1 км2 жерде 35,7 адам) жана архипелагдагы майда аралдар (1 адамдан аз). Урбанизация өтө жогору: шаар калкы 75,6% (2007). К-нын калкынын 60%ке жакыны -

католиктер. Ири шаарла ры (2009): Гавана (2,2 млн, шаар айланасы менен 2,6 млн), Сантьяго-де Куба (443,6 миң), Камагуэй (309,8 миң), Ольгин (291,6 миң), Гуантанамо (221,4 миң), Санта-Клара (219,7 миң). Экон. активдүү калкы 6721,3 миң адам (2007), анын 4754,6 миңи экономикада эмгектенет. Тейлөө
чөйрөсүндө 63,4%и (анын 12,7%и соода, ресторан, мейманкана иштеринде, 40,9%и илим, билим, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрөдө, 5,8%и транспорт жана байланышта), 20%и айыл, токой чарбаларында жана балык кармоодо, 11,5%и ө. ж-да, 5,1%и курулушта иштейт.
Тарыхы
. К. аймагынан (Ольгин провинциясы, Маяри д-нын жээктери ж. б.) адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Левиса 1 (7- катмары мындан 5140, 6-катмары-4240 жана 4150 жыл мурда), Себоруко жана Мелонес (б. з. ч. 6-5 миң жыл), Пикимачай (Перу, б. з. ч. 12 миң жыл), Ахуэреадо (б. з. ч. 10–6,8 миң жыл) жана Эль-Риего (б. з. ч. 6,5–5 миң жыл) ж. б. тургунжайлары, эмгек куралдары табылган. Б. з. ч. 4 миң жыл мурда К. аймагын индейлер мекендеген. Х. Колумб Куба а-н ачканда (1492) калктын саны 100дөн 200 миң кишиге чейин жеткен. 1511-ж. Д. Веласкес де Куэльяр жетектеген испандар К-ны карата баштап, жерг. калкты

аёосуз кырган. 1512–15-ж. испандар Асунсьон (азыркы Баракоа), Сан-Сальвадор-де-Баямо (азыркы Баямо), Сантьяго-де-Куба, Сан-Кристобаль-дела-Абана (Гавана) ж. б. шаарларды негиздеген. 1512–39-ж. испандар К-нын алтындарын ташып кеткен соң, ал жерде мал жана плантация (кант, тамеки) чарбалары пайда болгон (1570). Плантацияларда Африкадан алынып келген кул-негрлер иштешкен. 1596-ж. К. генерал-капитандык статуска ээ болгон. Испан баскынчылары өлкөнүн аймагын бөлүп алууну негизинен 17-к-дын ортосунда аяктаган. Испандарга каршы жерг. калктын көтөрүлүштөрү ырайымсыздык менен токтотулган. 1762–63-ж. Жети жылдык согуштун (1756–63) жүрүшүндө Гавананы англистер басып алып, К-га эркин соода жүргүзүү тартибин киргизген соң, испандык бийлик кубалык плантаторлордун укуктарын кеңейтүүгө аргасыз болгон. Европа, өзгөчө Франция жана АКШ өлкөлөрү менен соода жүргүзүү К-нын экономикасынын жогорулашына мүмкүндүк берген. Испаниянын К-га тамеки монополиясын алып таштап (1817), эркин сооданы кеңейтүү (1818) ж. б. жеңилдиктерди бериши плантация чарбаларын гүлдөтүп, испан үстөмдүгүн жактагандардын абалын жакшырткан. 1820- жылдардын башында метрополия саясий жеңилдиктерди берүүдөн баш тарткан. 1820–50- жылдары К-да реформисттик кыймыл кеңири жайылып, кулчулукту алып салууну талап кылышкан. 1830–40-жылдары К-да алгачкы тамеки жана сигарета чыгаруучу ф-калар пайда болуп, кант өндүрүшү, тоо кен ө. ж. өнүккөн, т. ж. салынып, куюу устаканалары курулган. 1860- жылдары алгачкы жумушчу уюмдары (Гавана тамекичилер ассоциациясы ж. б.) түзүлгөн. 1868-ж. 10-октябрда К-да К. М. де Сеспедестин жетекчилиги менен испан үстөмдүгүнө каршы куралдуу көтөрүлүш башталган. Бул кийин он жылга созулган (1868–78) улуттук-боштондук согушка айланган. Анын жүрүшүндө испандар өлкөнү башкаруу системасын өзгөртүүгө жана кулдарды бошотууга убада берген. 1886-ж. К-да кулчулук жоюлган. Кулчулуктун жоюлушу ө. ж-дын өнүгүшүнө түрткү берген. К-нын негизги соода өнөктөшү АКШ болгон. 1880-жылдары К-да улуттук-боштондук кыймыл күч алып, 1895-ж. 24-февралда Орьенте провинциясында куралдуу көтөрүлүш чыккан. Ага Х. Марти жана Куба рев-ячыл партиясы (КРП; 1892-ж. АКШда негизделген) жетекчилик кылган. 1895-ж. 16- сентябрда Химагуаю ш-нда (Камагуэй провинциясы) Конституциялык ассамблея К. респ-нын көз карандысыздыгын жарыялаган. С. Сиснерос президенттикке, Х. М. Гомес жана А. Масео Боштондук армиясынын жетекчилигине шайланган. 1897-ж. Конституциялык ассамблея конституциянын өзгөртүлгөн текстин бекитип, Б. Масо президент болуп шайланган. 1897-ж. көтөрүлүшчүлөр К-нын көпчүлүк аймактарын көзөмөлдөп, испан аскерлери порт шаарларында гана калган. 1898-ж. АКШ өкмөтү Боштондук армиясынын ийгиликтерин өз максатына пайдалануу менен Испанияга каршы согушуп [к. Испания-Америка согушу (1898)], испандар толук талкаланган. Париж тынчтык келишиминин (1898) шарты б-ча Испания К-га болгон укуктарынан баш тартып, Куба амер. аскер администрациясынын көзөмөлдүгүнө өткөн. 1899-ж. АКШ К-ны оккупациялап, КРП ж. б. улуттук-боштондук уюмдарын, о. эле Боштондук армиясын таркатып, 1903-ж. К-ны жарым колонияга айландырган. 1923-ж. Х. А. Мельинин жетекчилиги менен К-да жаштар жана студенттердин кыймылы кулач жайган. 1925-ж. Гаванада Куба коммунисттик партиясы (КПК) жана Куба жумушчуларынын улуттук конфедерациясы (КЖУК) негизделген. 1925-ж. АКШнын колдоосу менен К. президенттигине генерал Х. Мачадо-и-Моралес келген. Ал террор диктатурасын орнотуп, жазалоону күчөткөн, КПК ж. б. саясий партиялардын ишине тыюу салган. Натыйжада КПК ж. б. саясий уюмдар 1933-ж. Х. Мачадо диктатурасын кулатып (1933), башында К. М. де Сеспедес турган өкмөт түзүлүп, профсоюздар менен партиялар ачыкка чыккан. 1933-ж. 4-сентябрда Ф. Батиста жетектеген «сержанттар» кутуму бийликке Р. Грау Сан-Мартиндин Убактылуу рев-ялык өкмөтүн алып келген. Жаңы өкмөт прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү (8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, жумушчу уюмдарын таануу, электр энергиясына, газга, сууга жана телефонго болгон бааны арзандатуу ж. б.) жүзөгө ашырган. 1940-ж. Ф. Батиста президенттикке шайланып, СССР менен дипл. мамилелерди түзгөн. 1941-ж. К. АКШга удаа эле Япония, Германия жана Италияга согуш жарыялап, АКШ-ны аскердик-стратегиялык сырьё, жаңы аскер-деңиз жана аскер-аба базалары менен камсыз кылган. Р. Грау Сан-Мартин (1944–48) жана К. Прио Сокаррастын (1948–50) өкмөттөрү жүргүзгөн реформалардын өтө кашаңдыгы, К-нын 1950–53-ж. Корея согушуна АКШ тарапта катышышы элдик нааразылык туудурган. 1952-ж. президенттик шайлоо алдында КЭП жана анын лидерлери Э. Чибас менен Р. Аграмонте эл арасында белгилүү боло баштаган. Шайлоодо жеңилип калуудан чочулаган генерал Ф. Батиста 1952-ж. 10-мартта аскердик төңкөрүш жасап, бийликти басып алган. Ал ички реакция менен АКШнын жардамына таянып, аскердик-полициялык диктатура орноткон. Анын бийлиги демокр. эркиндикти жок кылып, оппозициялык күчтү куугунтуктаган. 1952-ж. Ф. Батиста СССР менен дипл. мамилени үзгөн. Ф. Батистанын саясаты кеңири массанын кыжырдануусун туудуруп, нааразычылык күчөгөн. 1955-ж. Ф. Батистанын диктатурасын кулатуу максатында башында Ф. Кастро Рус турган «26-июль кыймылы» аскердик-саясий уюму түзүлгөн. К. Кастро командачылык кылган отряд 1956-ж. К-га келип, куралдуу күрөш баштаган (к. Куба революциясы). 1959-ж. 2-январда Гаванада Рев-ялык өкмөт түзүлүп, Ф. Кастро Рус өкмөт башчылыгына шайланган. 1959-ж. 8-февралда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, агрардык реформа жүргүзүлгөндүктөн, латифундия системасы жоюлган. 1960-ж. ири ишканалар (а. и. амер. компаниялар) ж. б. мамлекеттештирилген. 1960-ж. сов.-кубалык дипл. мамилелер калыбына келтирилген. 1961-ж. «26-июль кыймылы», КЭСП жана «13-марттагы революциялык директорат» кыймылдары биригип, Бириккен рев-ячыл уюм (БРУ) түзүлгөн. Ал 1965-ж. октябрда К. коммунисттик партиясы (КПК) деп аталып, КПК БКнын 1-секретарлыгына Ф. Кастро Рус дайындалган. К. элинин рев-ячыл жеңиштерин жок кылууга умтулган АКШ өкмөтү оппозициялык күчтү колдоп, К-га экон. тоскоолдуктарды жасап, аны менен дипл. мамилесин үзгөн (1961). 1961-ж. 14-апрелде Ф. Кастро К. рев-ясын «социалисттик» деп жарыялаган. Кариб кризисин (1962) жөнгө салууда АКШ К-нын кол тийбестигине кепилдик бергени менен экон. басым көрсөтүүнү уланткан. Агр. 2-реформанын (1963-ж. октябрь) натыйжасында жеке менчик чарбалар кыскарып, ө. ж. ишканаларын мамлекеттештирүү аяктаган (1968). Транспорт жана энергетика өнүгүп, жаңы ө. ж. тармактары пайда болгон. 1975-ж. КПКнын 1-съезди өткөрүлүп, өлкөнүн негизги мыйзамы (1976) кабыл алынган. Элдик бийликтин улуттук ассамблеясы (ЭБУА), Мамл. кеңеш жана Министрлер кеңеши түзүлгөн. Мамл. кеңештин, Улуттук коргоо кеңешинин жана Министрлер кеңешинин төрагалыгына Ф. Кастро Рус дайындалган. К. өкмөтү 1960-жылдары Америкага каршы күрөшүп, Латын Америка, Африкадагы көтөрүлүштөрдү жана улуттук-боштондук кыймылдарды колдогон. 1980-жылдардын башында К. экономикасы кризиске учураган. К. өкмөтү кризистен чыгуу үчүн реформаларды жүргүзүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. 1993-ж. К. өкмөтү АКШ долларын пайдаланууга жол берген. Дыйкандар, кооперативдер жана мамл. фермалар а. ч. продукцияларынын ашыгын эркин сатууга мүмкүнчүлүк алышкан. 1995-ж. сентябрда Улуттук ассамблея бекиткен «Чет элдик инвестициялар жөнүндө» мыйзам б-ча чарбанын бардык тармактарында чет мамл. капитал колдонула баштаган. 1994-ж. АКШ менен К-нын ортосундагы соода мамилелери жакшырып, бирок саясий чөйрөдө карама-каршылыктар жөнгө салынган эмес. 2002-ж. АКШ президенти Ж. Г. У. Буш К-га каршы санкцияларды оордоткон. Буга жооп катары К. өкмөтү 2004-ж. ноябрда расмий түрдө АКШ долларын К-га пайдаланууга тыюу салган. 2006-ж. 31-июлда ден соолугуна байланыштуу КПК БКнын 1-секретары, Мамл. кеңештин жана Министрлер кеңешинин төрагасы Ф. Кастро Рус кызматын иниси Р. Кастро Руска тапшырган. 2005-ж. декабрда Барбадос а-нда Кариб мамлекеттеринин лидерлери жолугушуп, К. менен АКШнын ортосундагы чыр-чатакты чечүү жөнүндө маселени талкуулашкан. 2008-ж. 29-октябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 63- сессиясында АКШнын К-га каршы экон., соода жана финансы блокадасын токтотуу жөнүндө маселе каралган. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын бул резолюциясына 185 мамлекет макул болуп, 3 мамлекет (АКШ, Израиль жана Палау) каршы чыккан. К. жетекчилеринин пикирлери б-ча АКШдагы президенттик шайлоодо Б. Обаманын жеңиши эки өлкөнүн ортосунда диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Чарбасы
. СССР жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен экон. байланышы үзүлүп, экспорттук негизги продукция болгон кант нефтиге жана нефть продукцияларына алмашылбай калгандыктан,
өлкөнүн экономикасы кризистик абалга жеткен. 2000-жылдардын ортосунда өлкөнүн экономикасынын негизин чет өлкөлүк туризм жана никель өндүрүшү түздү. Келечекте жогорку технологиядагы жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү биотехнол., фармацевтикалык тармактар менен байланыштуу; Латын Америкасындагы жана Кариб деңизинин алабындагы өлкөлөр менен байланыштар кеңейүүдө. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу өлкөнүн негизги экон. саясаты бойдон калууда; чет өлкөлүк (негизинен канадалык, кытайлык, венесуэлалык, батыш европалык) капитал катышкан 250дөй биргелешкен ишкана жана экон. ассоциация, 1997-жылдан борб. региондо 3 эркин экон. зона иштейт. ИДПнин көлөмү 52,7 млрд песо (2007). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,860 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 51-орунда; 2007). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (а. и. курулуш, транспорт, байланыш) 69,3%, ө. ж-ныкы 26,1%, айыл, токой чарбаларыныкы жана балык уулоонуку 4,6%. Калктын реалдуу кирешеси өтө төмөн; чет өлкөлөрдө жашаган кубалыктардын финансылык жардамынын (жылына 1 млрд доллар) мааниси зор.
Ө. ж. продукциясынын өсүүсү 2,5% (2007).
Никель жана өнүгүп бараткан нефть өндүрүү
ө. ж. тармактарынын, о. эле тамак-аш ө. ж-нын экспортко багытталган айрым өндүрүштөрүнүн (кант, ром, тамеки, мөмө-жемиш жана балык консерваларын чыгаруу) мааниси зор. 2007-ж. 3,5 млн т нефть өндүрүлгөн; негизги аймактары: Мексика булуңунун жээги, Кабайгуан ш-нан чыгыш тарапта. Нефть менен кошо газ да (2007-ж. 1085 млн м3) өндүрүлөт. Бул тармакты жана
өлкөнүн жалпы чарбасын өнүктүрүү келечеги
Мексика булуңунун жээгиндеги зонага жана
өлкөнүн батышына байланыштырылат. Жалпы кубаттуулугу 130 миң баррель/сутка болгон нефть ажыратуучу 4 завод иштейт. Нефтини негизинен Венесуэладан алат. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 4,5 миң мВт (2005). 2006-ж. 16,5 млрд кВт.с электр
энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын 75,6%тейи нефть менен иштеген ЖЭСтен, 13,5%и газ турбиналуу ЖЭСтен, 10%и альтернативалуу булактардан, 0,9%и ГЭСтен өндүрүлөт.

Кара металлургиясы кара металл сыныктарын (анын кыйла бөлүгүн сырттан алат) жана бир аз өз сырьёсун (2006-ж. 7,8 миң т темир кенташы казылып алынган) пайдаланат. Болот прокат жана металл конструкциялары Кариб деңизиндеги өлкөлөргө экспорттолот. Түстүү металлургияда валютанын негизги булагы болгон никель ө. ж-нын мааниси зор. Никелдүү концентраттарды өндүрүү (73,3 миң т) б-ча К. 6-орунду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 16%и).Никель
сырьёсу казылып алынуучу негизги аймак –
Ольгин провинциясы. Үч ири никель комбинаты иштейт (Пунта-Горда-Абахо, Мао, Никародо). Хромит, кобальт Ольгин провинциясында (жылына 3 миң тдан), алтын Пинар-дель-Рио провинциясында (жылына 500 кгдай) казылып алынат. Машина куруу ө. ж. айыл чарба жана автомобиль техникасын тейлөөгө, о. эле түрдүү тетиктерди даярдоого багытталган. Заводдору Ольгин, Гавана, Матансас ш-нда жайгашкан. Гаванада түстүү телевизор кураштыруучу з-д, Сантьяго-де-Кубада мед. жабдуу чыгаруучу ишканалар, Санта-Клара ш-нда тиричилик техникалар з-ду, порт шаарларда кеме ремонттоочу ишканалар иштейт. Фармацевтика ө. ж. – К. индустриясынын жогорку технол. жана илим сыйымдуу артыкчылыктуу тармактарынын бири; ал түрдүү медикаменттерди, о. эле офтальмология жана стомотология үчүн приборлорду чыгарат (анын чордону – Гавана ш.). К. фармацевтикалык жана биотехнол. тармактардын продукцияларын 40тан ашык өлкөгө экспорттойт. Химия ө. ж. о. эле фосфор жана азот жер семирткичтерин, сорбитол, кир жуугуч каражаттарды
чыгарат. Курулуш материалдар ө. ж. өз сырьё-
су (табигый мрамор, цемент) менен иштейт. Азыктүлүк импортко караганда көбүрөөк экспорттолот; негизгилери – кант менен ром. Чийки канттын негизги бөлүгү (80%тен ашыгы) Европа
өлкөлөрүнө экспорттолот. 2007-ж. 83,4 млн л ром даярдалган; анын 60%и экспорттолот, 20%тейин туристтер алып кетет. Ромдун 34 соода
маркасы расмий катталган. Тамеки – К-нын
дүйнөгө белгилүү экспорттук товары. 2007-ж. 411,9 млн даана сигара, 13,8 млрд даана сигарета чыгарылган. К. сигарасынын негизги кардарлары: Испания, Франция. Мөмө-жемиш, жашылча консерваларын, шире, сүт азыктарын,
суусундук, пиво, кофе чыгаруучу ишканалары бар.
Өлкөнүн а. ч. ишканалары калктын этке (уй,
чочко, куш этине), жумурткага, күрүчкө, жүгөрүгө, буурчакка, мөмө-жемиш жана жашылчага болгон муктаждыгын канааттандырат. Сырттан буудай (100%), арпа, сулуу, жашылчанын айрым түрлөрүн, о. эле кургак сүт, соя концентратын алат. А. ч-га жарактуу жери 6629,6 миң га (2006), анын 3124,3 миң гасы (а. ч-га жарактуу жердин 47,1%и) иштетилет, калганы (52,9%и) шалбаа жана жайыт. Бал камыш 1260,1 миң га, цитрус ж. б. мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 169,2 миң га, банан 104,2 миң га, тамеки 65,2 миң га, шалы

180,4 миң га жерди ээлейт. Экспорттук негизги
өсүмдүктөрү: бал камыш, цитрус, ананас, кофе, тамеки, какао; керектелүүчү маанилүү өсүмдүктөр: шалы, банан, буурчак, мөмө тамырлуу
өсүмдүктөр. Мал чарбасынын башкы тармагы –
эт багытындагы уй чарбасы. 2006-ж. 3,74 млн уй, 1,76 млн чочко, 3,93 млн кой жана эчки, 29,85
үй кушу, 0,48 млн жылкы болгон; 54,8 миң т
балык жана деңиз продуктулары, 5,8 миң т креветка кармалган. К. – бал (жылына 5 миң тга
жакын) экспорттоочу дүйнөдөгү бирден бир
өлкө.
Туризм – Куба экономикасынын алдынкы секторлорунун бири, андан түшкөн валютанын
өлчөмү 2 млрд евродон ашык (2006). 2006-ж. К-га 2,2 млн турист келген; анын 54,2%и Түн. жана Түш. Америкадан, 43%и Европадан келгендер. Мейманкана инфраструктурасы, деңиздик ден соолукту чыңдоо (пляжда эс алуу), спорттук (суу астында сүзүү, балык уулоо, яхтачы-

ларды тейлөө, деңиз саякаты ж. б.) туризми
өнүккөн.
Транспорттун негизги түрлөрү – автомобиль
жана темир жолдору. Автомобиль жолунун жалпы уз. 63,2 миң км, анын 11,5 кми улуттук мааниде. Негизги автомобиль магистралы – Борб.
шоссе (уз. 1140 км, өлкөнүн борб. бөлүгүн кесип
өтөт), ага жарыш улуттук автострада курулууда (2009; долбоорлонгон уз. 1020 км). Т. ж-нун уз. 7182 км; Транскуба т. ж. магистралы (Гуане – Гавана – Санта-Клара – Камагуэй – Гуантанамо; уз. 900 км) өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү негизги экон. борборлорду туташтырат.
Өлкөнүн деңиз соода флотуна 33 кеме таандык;
35 деңиз порту бар. Ири порттору: Гавана, Сантьяго-де-Куба, Матансас, Сьенфуэгос, Нуэвитас. Эл аралык маанидеги аэропорттору: Хосе Марти (өлкөдөгү эң ириси, Гаванада), Хуан Гуальберто Гомес (Варадеро), Хайме Гонсалес (Сьенфуэгос), Виталио Акунья (Кайо-Ларго), Франк Паис (Ольгин) ж. б.
Сырткы соода айлануусунун көлөмү 13,8 млрд доллар, анын 3,4 млрд доллары экспортко, 10,08 млрд доллары импортко таандык (2007). Экспорттун товардык структурасынын наркынын 56,7%и никелдүү концентраттарга, 6,4%и тамекиге, 5,5%и кант ө. ж. продукциясына, 2,2%и балыкка жана деңизден алынуучу азыктарга туура келет, импорттун товардык структурасында машина жана жабдуулар, нефть жана химия ө. ж. продукциялары, компьютер, оргтехника, азык-түлүк (дан жана ун кошо), текстиль жана булгаары-бут кийим басымдуулук кылат. Негизги соода шериктештери: Венесуэла, Кытай, Испания, Канада, Нидерланд, Германия, Россия.
Билим берүү
системасы 2ден 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки тарбиялоону,

милдеттүү 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык негизги (толук эмес), 3 жылдык толук орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Толук эмес орто мектептин базасында кесиптик-тех. окуу жайлар жана тармактык (матем., пед., спорт ж. б.) мектептер иштейт. Окуу билим берүүнүн бардык баскычтарында акысыз. Өлкөдө 9 миңден ашуун башталгыч, 2 миңдей толук эмес орто, 371 толук орто мектеби, 568 атайын тех. окуу жайлар, 60тан ашык ЖОЖ, 3 миңден ашуун ун-ттик борборлору бар (2007). Калктын сабаттуулугу 99,8%и түзөт (2006). Башкы ил. мекемелери (Куба ИА жана анын ин-ттары), ЖОЖдору, китепканалары, ири музейлери Гавана, Камагуэй ж. б. ш-нда жайгашкан.
Массалык-маалымат каражаттары
. Жалпы элдик гезиттери: «Гранма» (450 миң нускада күн сайын чыгат, «Хувентуд ребельде», «Ванугардия», «Сьерра Маэстро», журналдары: «Боэмия», «Куба» ж. б. Ар бир провинция жерг. өз гезиттери бар. Басылмалардын көбү испан тилинде чыгат. Радиоуктуруусу 1922-жылдан, телекөрсөтүүсү 1950-жылдан иштейт. Мамл. маалымат агенттиги – AlN (1974). Гаванада латынамер. Пренса Латина (PL, 1959) маалымат агенттигинин штаб-квартирасы жайгашкан.
Адабияты
. К. ад-ты испан тилинде өнүгүүдө. К. ад-тындагы эң алгачкы чыгарма – С. Де Бальбоанын «Чыдамкайлар зерцалосу» (1608) поэмасы. 18-к-дагы көрүнүктүү чыгармалар – С. Питтин «Бакчачы-принц, же анткор Клоридано» (1733), Х. А. Кабалеронун публицистикалары, М. де Секейр-и-Аранго менен М. Х. де Рубалькаванын ырлары. Х. М. Ф. Де Арратенин «Жаңы дүйнөнүн ачкычы, Батыш Индия форпосту» (1761) деген тарыхый-хроникасы белгилүү болгон. 19-к-дын башында публицистика Агартуу багытында өнүккөн (Ф. Варела, Х. А. Сако, Х. де ла Лус-и-Кабальеро). К. ад-тында романтизмдин башталышы Х. М. Эредианын чыг-лыгына байланыштуу. К. ад-ты колониализмге каршы боштондук кыймылдын таасиринде өөрчүгөн (Д. Дельмонте-и-Апонте, Г. де ла К. Вальдес, Ф. Поведа-и-Арментерос, Х. Ф. Мансано, Х. Х. Миланес, Ф. Танко). 19-к-дын 2-жарымында Х. Мартинин чыг-лыгы көрүнүктүү орун ээлейт. Ал рев-ячыл демокр. мазмундагы чыгармалары менен К. ад-тында реализмге негиз салган. 1830–40-жылдары социалдык мотивдеги Х. Гомес де Авеляньеддин «Саб» (1841), «Сесилия Вальдес» (1882), С. Вильяверденин «Таш баканын жону» (1845) романдары жаралган. 1840– 50-жылдары Х. А. Кинтеро, М. Теурбе Толон, Л. Турла, П. Сантасилиа, А. Акоста, Ф. Пичардо Мойя, Р. Педросо, М. Навваро Луна сыяктуу эмиграцияга кеткен акындар АКШ имперализмине каршы багыттагы чыгармаларды жазышкан. 19-к-дын ортосунда прозада костумбризм калыптанган [Г. Бетанкур Сиснерос (Лугареньо), Р. де Пальма, Х. Бетанкур, Х. М. де Карденаси-Родригес, Х. В. Бетанкур, А. Суарес-и-Ромеро, Б. Х. Креспо-и-Борбон ж. б.]. Эмиграцияга кеткен акындардын ичинде дүйнөгө аты белгилүү Н. Гильен болгон. Ал эмиграцияда жүрүп «Жер бийлиги» (1949), «Жоголгон издер» (1953), мекенине келип, «Агартуу доору» (1962) деген романдарды жазган. А. Карпентьердин чыгармалары Латын Америка ад-тында белгилүү орун ээлейт. 20-к-дагы белгилүү акындар: Н. Гильен, Ф. Хамис, Р. Фернандес Ретамар, А. Альварес Бараганьо, Э. Диего: жазуучулар: Х. Соле Пуиг, М. Кофиньо, Лопес, Л. Отеро, Г. Эгурен, Х. Травьесо, Э. Падиль, С. Сардуй ж. б.
Архитектура жана сүрөт искусствосу
. Колониялык мезгилде (16–17-к.) К-да деңиз жээгиндеги шаарлар курула баштаган (Гавана, Тринидад, Баямо). 1589-ж. Гаванада алгачкы Ла-Реаль-Фуэрса чеби курулуп бүткөн. 16–18-к-дарда Гавана, Сантьяго-де-Куба, Тринидад ш-лары барокко жана классицизм стилинде курулган. Гавана ж. б. шаарларда арх-ралык ансамблдер пайда боло баштаган: Капитанес-Хенералес сарайы (1776–92, архитекторлор П. Де Медина, С. Аварка, А. Фернандес Тревехос) жана Сегундо- Кабо сарайы (1770–92, Фернандес Тревехос), Гавана собору (1748–89, де Медина жана Фернандес Тревехос). 17–18-к-да таштан же жыгачтан

салынып, түркүктүү же колонналуу аркалар галереясы менен курчалган ички короосу бар 1–3
кабат үйлөрдүн тиби пайда болгон. Үстү черепица менен жабылып, сырты ар түрдүү түскө боёлгон. 19-к-дын ортосунан Гавана жаңыдан пландаштырылган, жашылдандырылган, классицизм духундагы үйлөр монументтер пайда болгон. 19-к-дын аягында необарокко (Гаванадагы «Гран театро», 1908–15), неоренессанс о. эле мавритан салтындагы (Сьенфуэгостогу дель-Валье сарайы, 1910) имараттар курулган. 19–20-к-дын модерн стилиндеги курулуштар салынган. 1902- жылдан кийин көркөм чыг-лык бардык тараптан өнүккөн. Борбордо банктар, мейманканалар; Гаванада ири комплекстер курулган: Фи-

нансы арбитражынын имараты (1951–54, арх. А. Капабланка), стоматол. (1952–54) жана мед. (1956–58) борборлор (арх. А. Кинтана ж. б.) ж. б.
1959-жылдан кийин пландуу курулуш кучак жайып, темир-бетондон ири турак жай райондору курулган. 1960-жылдары Санта-Кларада («Сьенфуэгос» комплекси), Сантьяго-де-Кубада, Камагуэйде турак үйлөр, мектеп-интернаттар, медицина борборлору) курулуп, жаңы типтеги айыл-кыштактар салынып, жаңы ө. ж. арх-расы пайда болгон Санта-Клара, Хибара, Гаванада). Куба ИАнын борбору (1966) жана Улуттук иск-во мектебинин комплекси (1963) арх-ралык чечими менен өзгөчөлөнөт (экөө тең Гаванада). Колониялык мезгилде живописте алтарга куюлуучу сүрөт жана портрет, о. эле гравюра өнүккөн. 1818-ж. Гаванада Сан-Алехандро көркөм иск-во мектеби түзүлгөн (1832-жылдан академия). Анын биринчи президенти фр. сүрөтчү Ж. Б. Вермей ампир салт портреттерди тарткан. Сан-Алехандро Академиясында К-нын алдынкы катардагы живописчилери окушкан, алардын көпчүлүгү Европага барууга стипендия алышкан. 19-к-да башкы жанр – портрет жана пейзаж болгон. Көрүнүктүү пейзажисттер (Э. Чартранд, Ф. Фернандес Кавада, Г. Клиневерк) К. жаратылышынын поэтикалык образын жаратууга умтулушкан. Графиктер В. П. Де Ландалусе, Ф. Миале чыгармаларында заманбап коом турмушун чагылдырышкан. Испан эзүүсүнөн бошогондон кийин тарыхый жана баталдык патриоттук картина (А. Менокаль), реалистчил жанрдык живопись (Л. Романьяч, Р. Лой), реалисттик скульптура (Х. Х. Сикре, Т. Рамос Бланко, Э. Бетанкур) өнүгө баштаган. 1920-жылдары жаңычыл живописчилер эл турмушун эмоциялуу, нукуралыгы менен чагылдырышкан. 1930-жылдардын ортосунан живописчилер А. Пелаес, Марьяно, М. Карреньо, скульптор Д. Ревенет фольклорго каныккан жасалга композицияларын жаратышкан. Арх. Э. Родригес Кастелье, А. Кинтана, А. Капабланка имарат курулушуна жасалга живописин, скульптураны айкалыштырып, К. арх-расынын жаңы стилин түзгөн. Рев-ядан кийин (1959) К-да көркөм турмуш жанданган. Плакат, карикатура, журнал жана китеп графикасы өнүккөн. К. сүрөтчүлөрүнүн чыг-лыгында 20-к-дагы бардык ири агымдар – абстракционизмден поп-артка жана фотореализмге чейин пайда болгон. Белгилүү сүрөтчүлөрү: С. Кабрера Морено, Р. Мартинес, Т. Санчес Рекейро ж. б. Гаванада сүрөтчүлөр биенналеси өтүп турат.
Музыкасы
. К-нын элдик музыкасы испан жана
африка музыкасынын негизинде калыптанган. Африка-куба музыкасынын байыркы ыр-бий
формасы – сон, гуарача, конга, кийинкиси –
дансон, румба. О. эле креоль формасы пунто, гуахира, криолья (негизинен дыйкандар арасында) жана негр музыкасы (диний ырым-жырымдарга) тараган. 16–18-к-да профессионал музыканын очогу – чиркөөлөрдүн ыр мектептери болгон. К-дагы алгачкы музыканттардын бири –
Сантьяго ш. кафедралык собордун органисти М. Веласкес болгон. 1776-ж. Гаванада театр курулуп, 1814-ж. муз. мектеп, 1816-ж. улуттук кадрларды даярдоочу «Санта-Сесилия» муз. академиясы ачылган. Г. Вильятенин романтикалык опералары Парижде («Цилия», 1877), Гаагада («Ханыша»), Мадридде («Валтасар», 1885) коюлган. 19-к-дын ортосунда М. Саумель-и-Робредо, кийинчерээк И. Сервантес Каванаг улуттук композитордук мектепке негиз салышкан.
Вокалдык жанрлар – кансьон, болеро, виеджа
трова белгилүү болгон. Кийинки муундагы композиторлор – Э. Санчес де Фуентес («Юмури» –
улуттук сюжетте жазылган биринчи куба операсы, 1898, Гавана), Х. Мари Эстеве («Күң», 1921, Гавана). 1920-ж. Гавана филармониясынын оркестри түзүлгөн. 1920–30-жылдарда сарсуэла
өнүгүп белгилүү сарсуэлалардын авторлору –
Г. Ройг, Э. Локуона, Ж. Пратс. Муз. мад-ттын жаңы өнүгүү мезгили 1959-ж. башталган. 1960- жылдардын аягында салттык жана рок, жаз музыкаларынын негизинде «нуэва трова» (Куба рев-ясынын музыкасы) калыптанган. 1970-жылдары куба авангарддык агымы түзүлө баштаган,
анын өкүлдөрү – Э. Ангуло, Х. Берроа, Х. Бланко, Л. Брауэр, Р. Валера, К. Фариньяс ж. б. композиторлор. Гаванадагы «Гран театродо» (1838), лирикалык театрда (1962), Камагуэйдеги «Театро принципаль» (1849) театрларында опералар жана балеттер коюлат. Гаванада Улуттук симф. оркестр (1960), Улуттук фольклордук ансамбль (1962), Улуттук хор (1959), Электракустикалык музыканын улуттук лабораториясы (1977), консерватория (1903, азыркы А. Рольдан атн.), Иск-во ин-туту (1976) иштейт. К. музыка ин-туту (1989) эл аралык фестивалдарды (элдик, жаз, хор, электрондук музыка, гитаристтердин) өткөрүп турат.
Театры
. К. театр иск-восу испан мад-тынын таасиринде өнүккөн. Театрдын өзөгүн испан жана африка элдик театр оюндарынын үлгүлөрү түзгөн. Колония мезгилде Гаванадагы менчик үйлөрдө испан авторлорунун диний ырым-жырым оюндары көрсөтүлгөн. 1733-ж. биринчи кубалык автор С. Питтин «Ханзаада – багбан же анткор Клоридано» комедиясы коюлган. 1776-ж. Гаванада биринчи «Колисео» (1803- жылдан «Театро Приципаль») театры ачылып, анда опера жана тонадилья менен кошо испан драматургдарынын пьесалары коюлган. Актёр драматург Ф. Коваррубиас (19-к-дын башы) улуттук театрдын негиздөөчүсү болгон. 1838-ж. Гаванада «Такона» театры ачылган. Анда драма, опера жана балет спектаклдери коюлган. Кийин Сантьяго-де-Кубада «Театр де ла Рейна» (1850), Камагуэйде «Театро Принсипаль» (1849), Матансаса «Эстеван» (кийин «Сауто») Гаванада «Альгамбра» (1890) ж. б. театрлар негизделген. 1910-ж. «Театр коому», 1941-ж. драма өнөрү академиясы уюшулган. 1936-жылдан Гаванада «Куэва» театры иштейт. Демокр. улуттук театр өнөрү 1959-жылкы рев-я жеңгенден кийин гана өнүгө баштаган. 1950-жылдарда шаардык «Биздин заман» (К. С. Станиславский театрынын эстетикасы менен иштеген) жана «Эстудио» (Б. Брехттин «Сезуандык боорукер адам» драмасы б-ча спектакль менен ачылган) театрлары белгилүү болгон 1960-ж. Гаванада Улуттук театр түзүлгөн. Камагуэйде драма (1960), Пиналь де-Риодогу М. Горький атн. (1961), «Ориентир» драма (1961) труппалары 1970-жылдарда иштерин токтоткон. Улуттук куурчак театры (1963), Театр үйү иштейт. Жетектөөчү өңүткө «Эскамбрай» театры ээ болгон, реж. С. Корьери кубалык драматургдардын бир актылуу пьесаларынан баштап, 1980–90-жылдарда У. Шекспир, Мольер, Ф. Гарсиа Лорканын чыгармаларын репертуарга киргизген. Көрүнүктүү театр ишмерлери: В. Ревуэльта, Р. Ревуэльта, М. Асаведо ж. б. болгон. 1980-жылдан Гаванада эл аралык театр фестивалы өтүп турат.
Киносу
. 1897-ж. К-да хроникалык жана документалдык фильмдер тартыла баштаган. 1897-ж. франц. оператор Г. Вейре биринчи кубалык «Өрттү өчүрүү» (бир мүнөттүк) хроникалык-даректүү фильмин тарткан. Х. Касасустун биринчи кубалык даректүү жана жарнамалык тасмасы («Жоголгон сыйкырчы», 1898) чыккан. 1910-ж. Э. Д. Кеседа «Хуан Хосе», 1920-ж. Р. Пеон «Чындык» фильмин тарткан. 1930– 40-жылдарда К-да көбүнчө АКШнын фильмдери көрсөтүлгөн. Улуттук кино өнөрү 1959- жылдан калыптана баштаган. Т. Г. Алеанын 1961-ж. «Революция жөнүндө баян», реж. Х. Г. Эспиносанын «Жаш көтөрүлүшчү» (1962-ж., Карлови-Вари ЭКФтин сыйлыгы) фильмдери рев-яга арналган. Испан эзүүсүнө каршы М. Актавио Гомес «Биринчи чабуул собор тараптан» (1969), К. аялдарынын тагдыры жөнүндө У. Солас «Люсия» (1970) көркөм фильмдерин тарткан. 1970–80-жылдары аялдардын көз карандысыздыгына арналган: «Тересанын портрети» (П. Вега, 1979), «Белгилүү даражага чейин» (Гутьеррес Алеа, 1984), «Башка аял» (Д. Диаса Торреса, 1987) ж. б. фильмдер тартылган. 1980-жылдары экранга жаңы муундагы режиссёрлордун кинотасмалары чыккан: «Алмашуу» (Х. К. Табио, 1984), «Давид үчүн колукту» (О. Рохас, 1985), «Алма сабагынан алыс түшпөйт» (Л. Ф. Бернас, 1985) ж. б. 1990-жылдары Гутьерреса Алеанын «Кулпунай жана шоколад» (Берлин, ЭКФ сыйл., 1993) фильми чет өлкөдө белгилүү болгон. 20–21-к-дын чегинде реж. А. Сотто («Тике сүйүү», 1997; «Айыпсыз түн», 2007), Х. К. Кремата («Вива – Куба», «Кичинекей качкындар»; Канндагы ЭКФ сыйл., 2005). К-нын анимациялык киного Х. Падрон, Т. Рагги, М. Ривас чоң салым кошкон. Гаванада 1959-ж. Кино өнөр жай жана кино искусство ин-ту түзүлгөн. 1979-ж. жыл сайын латын амер. жаңы кинолордун фестивалы өтүп турат.
Ад.: Нуньес Хименес А. География Кубы. М., 1960;
Давитая Ф. Ф., Трусов И. И. Климатические ресурсы Кубы и их использование в народном хозяйстве. Тб., 1966; Карпентьер А. Музыка Кубы. М., 1962; Национальный атлас Кубы. Гавана, 1970; Пичугин П. А. Краткий очерк истории кубинской музыки//Музыкальная культура стран Латинской Америки. М., 1974; Культура Кубы. М., 1979; Тананаева Л. И. Очерки Кубинского искусства 16–20-
веков. М., 2001; Давыдов В. М. Современная Куба: вопросы экономической адаптации и переориентация внешних связей. М., 2002.