КРАЧКОВСКИЙ
КРАЧКО́ВСКИЙ Игнатий Юлианович [04 (16). 03. 1883, Россия империясы, Вильна губерниясы, Вильна – 24. 01. 1951, СССР, РСФСР, Ленинград] – чыгыш изилдөөчүсү, арабист, филолог, ислам таануучу окумуштуу. Ленинград университетинин профессору (1918), СССР Илимдер академиясынын академиги (1921). 1905-жылы Петербург университетинин чыгыш тилдер факультетинин араб тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн. 1908–1910-ж. Сирия менен Египетте болуп, араб тили, анын диалектиси жана адабияты, маданияты менен таанышкан. И. Крачковский совет араб таануучулардын мектебин негиздөөчүлөрдүн бири жана Улуу Британия менен Ирландия королунун Азия коому, Немис чыгыш таануу коому, Сирия, Фламанд, Польша, Иран Илимдер академиясынын мүчөсү. СССР араб таануучулар ассоциациясын түзүүнүн демилгечиси жана анын алгачкы жетекчиси болгон. Орто жана жаңы кылымдагы араб тили, адабияты, маданияты, тарыхына байланыштуу 450дөн ашык илимий эмгектин автору. Ал Чыгыш мусулман өлкөлөрүнүн географиялык адабиятынын тарыхын

изилдеп, 1920-жылдан сегиз жыл бою Куранды которуунун үстүндө иштеген. VII-кылымдын адабий мурасы болгон Курандын текстин которуунун негизги максаты анын семантикалык маанисин орус тилдүү окурмандарга жеткирүү болуп, котормо негизинен изилдөөчү-окумуштууларга арналган. Котормо анын көзү өткөндөн кийин, 1963-жылы жарык көргөн. Мындан тышкары орто кылымдагы белгилүү араб авторлорунун өмүрү жана алардын эмгектерине илимий негизде талдоо жасаган. И. Крачковскийдин автобиографиялык «Араб кол жазмаларынын үстүнөн иштөө» деген эмгеги (1949; СССР Мамлекеттик сыйлыгы 1951), бир нече тилге которулган. Тандалган чыгармалары 6 том болуп жарык көргөн (1955–1960). Эки Ленин (1944, 1945) ордени ж. б. медалдар менен сыйланган.
Ад.: Игнатий Юлианович Крачковский (библиогр.). М.; Л., 1949.