КОРУМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРУМ , к о р у м т а ш т а р – тоо беттериндеги ж-а чокуларындагы аскалардан чулу тектер талкаланып, тоо этектерине топтолгон шагыл таштар. К. негизинен бийик ж-а орто бийик тоолордо кездешет. К-дагы таштардын өтө чоңдору «төө таш», кой таш деп аталат. Кырг-ндын аймагында «корум», «корумду» сөздөрү катышкан геогр. аттар өтө көп; мис., Корум-Ашуу, Корум- Суу, Корумду (ашуу, тоо, чоку, суу, кыштак ж. б.), Кара-Корум ж. б.