КОРУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМ , к о р у м т а ш т а р – тоо беттериндеги ж-а чокуларындагы аскалардан чулу тектер тал­каланып, тоо этектерине топтолгон шагыл таш­тар. К. негизинен бийик ж-а орто бийик тоо­лордо кездешет. К-дагы таштардын өтө чоңдору «төө таш», кой таш деп аталат. Кырг-ндын ай­магында «корум», «корумду» сөздөрү катышкан геогр. аттар өтө көп; мис., Корум-Ашуу, Корум- Суу, Корумду (ашуу, тоо, чоку, суу, кыштак ж. б.), Кара-Корум ж. б.