КОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОО – эки жагы бийик, ортосу чуңкур ой жер, аң. Түздүк-ойдуңдуу, бөксө тоолуу аймактарга таандык, нымды сүйүүчү өсүмдүктөр таралган. Жазында кар эриген кезде сууга толот. К. эро­зиялык процесстердин (кээде карсттык, эолдук, аралаш) таасиринен пайда болот. Бул түшүнүк геогр. аталыштардын курамында кеңири тарал­ган: Сары-Коо (Панфилов р-нундагы канал), Сары-Коо-Сай (Ат-Башы р-нундагы Орто-Суунун куймасы), Кара-Коо (Тоң, Кочкор р-ндорундагы тоолор, Ат-Башы р-нундагы суу, Тоң р-нунда­гы кыштак) ж. б.; Кочкор өрөөнү да мурда Кара- Коо аталган.