КОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОО – эки жагы бийик, ортосу чуңкур ой жер, аң. Түздүк-ойдуңдуу, бөксө тоолуу аймактарга таандык, нымды сүйүүчү өсүмдүктөр таралган. Жазында кар эриген кезде сууга толот. К. эрозиялык процесстердин (кээде карсттык, эолдук, аралаш) таасиринен пайда болот. Бул түшүнүк геогр. аталыштардын курамында кеңири таралган: Сары-Коо (Панфилов р-нундагы канал), Сары-Коо-Сай (Ат-Башы р-нундагы Орто-Суунун куймасы), Кара-Коо (Тоң, Кочкор р-ндорундагы тоолор, Ат-Башы р-нундагы суу, Тоң р-нундагы кыштак) ж. б.; Кочкор өрөөнү да мурда Кара- Коо аталган.