КОНУС
КО́НУС (лат. conus, гр. k–nоs) – 1) э л е м е н т а р д ы к г е о м е т р и я д а, тик бурчтуу үч бурчтукту бир катети боюнча айландыруудан алынган геометрияык нерсе. Конус же конустук беттин кандайдыр бир сызыктын бардык чекиттерин түзүүчү мейкиндиктин берилген чекиттери (чокусу) м-н туташтыруучу түз сызыктардын (багыттоочусу) геометриялык орду. 2) Эгерде багыттоочу – түз сызык болсо, анда конус тегиздикке, ал эми багыттоочу сызык чокусу м-н бир тегиздикке жатпаган 2-тартиптеги ийри сызык болсо анда 2-тартиптеги конуска айланат.
Катет конустун огу деп аталганда конустун негизи тегерек болот. Ал эми экинчи катети конустун негизинин

радиусу (r, R), гипотенузасы конустун түзүүчүсү (l) болуп эсептелет. Конустун бетин сызган АВ жагы – конустун түзүүчүсү, А чекити анын чокусу. Конустун чокусунан анын негизине чейинки h аралык бийиктиги. Конустун көлөмү nr2h/3, каптал бети nrl болот (к. 1-чийме). Эгерде конусту биринчи тегиздикке жарыш (параллель) экинчи тегиздик м-н кессек, кесилген конус пайда болот (к. 2-чийме), анын көлөмү n(R2 +r2+Rr)h/3, каптал бети n(R+r)l барабар.