КОЙЧУ БАШТЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЙЧУ БАШТЫК (Capsella) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир же эки жылдык чөптөр уруусу. Гүлү майда, калканчадай, топ гүлү гүлдөгөндөн кийин узарып кетет. Мөмөсү – эки жагынан кабырылган саадакча, баштыкчага окшош (аты ошондон). 5–7 түрү мелүүн ж-а субтропик алкактарда, КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Кадимки К. б. бир жылдык отоо чөп, талаа, огород, турак жай айланасында өсөт. Жаздан баштап күзгө чейин 3–4 жолу гүлдөп уругун берет. Кайчылаш ж-а өзүн-өзү чаңдаштырат. Дарылык касиетке ээ, уругунда май болот.