КОЙЧУ БАШТЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙЧУ БАШТЫК (Capsella) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир же эки жыл­дык чөптөр уруусу. Гүлү майда, калканчадай, топ гүлү гүлдөгөндөн кийин узарып кетет. Мөмө­сү – эки жагынан кабырылган саадакча, баш­тыкчага окшош (аты ошондон). 5–7 түрү мелүүн ж-а субтропик алкактарда, КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Кадимки К. б. бир жылдык отоо чөп, талаа, огород, турак жай айланасында өсөт. Жаздан баштап күзгө чейин 3–4 жолу гүлдөп уругун берет. Кайчылаш ж-а өзүн-өзү чаңдашты­рат. Дарылык касиетке ээ, уругунда май болот.